Президентикке талапкер Клара Сооронкулова БШК менен соттошо турган болду. Эмнеге?

Президентикке талапкер Клара Сооронкулова БШК менен соттошо турган болду. Эмнеге?

18 талапкер арасындагы жалгыз аял Клара Сооронкулова БШК менен соттошо турган болду. Ал Бишкектин административдик сотуна арыз жазып, Садыр Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-декабрда, «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров кызматын тапшырганга чейин 20 күн бийликте болуп, үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болгон.

Белгилей кетсек, 9-декабрда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышып жатканы мыйзамсыз экендигин баса белгилеп, жүйө катары Конституциянын 68-беренесинде: «Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз» деп жазылганын айтышкан.

Ал эми Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов алардын мындай жүйөсүн четке кагып, Садыр Жапаров кызматын тапшырып, анан шайлоого аттанганын айткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.