Садыр ЖАПАРОВ: «»Бакиевдер каржылайт» деген калп. Эл алдында, Кудай алдында айтып кетем, мени эч ким каржылабайт»

Садыр ЖАПАРОВ: «»Бакиевдер каржылайт» деген калп. Эл алдында, Кудай алдында айтып кетем, мени эч ким каржылабайт»

Бүгүн, 15-декабрда, президентикке талапкер Садыр Жапаров үгүт иштерин Талас облусунан баштады. Анда ал шайлоочулары менен жолугушуп, түз берилген жана кат түрүндө келген суроолорго да жооп берди.

Маселен, каттардын биринде: «Сиз убагында Курманбек Бакиевдин алдында иштегенсиз. Азыр да сизди «Бакиевдер каржылайт, алар менен байланышы бар» деп жатышат. Бул чынбы?» деген суроо болгон. Ага Садыр Жапаров: «Бул карандай калп, ушул чогулгандардын алдында жана Кудай алдында айтып кетем, мени эч ким каржылабайт. Ооба, убагында алар менен иштешкем. Мен эле эмес, Кыргызстандын 90%ы иштешкен. Бирок мен алардын камчысын чаап, мамлекеттин же элдин кызыкчылыгына каршы келген мыйзамын колдоп берген эмесмин. Мыйзам чегинде өзүмдүн милдетимди аткарганмын. Бакиевдин тушунда комиссар болуп иштегем, эч кандай тергөө иштерге катышууга ыйгарым укугум болгон эмес«, — деп жооп берди.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Курманбек Бакиевдин бийлигинде президенттин кеңешчиси, Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.