Садыр Жапаровдун эки кудасы мамлекеттик кайсы кызматта? Алар тууралуу өзү эмне дейт?

Садыр Жапаровдун эки кудасы мамлекеттик кайсы кызматта? Алар тууралуу өзү эмне дейт?

Бүгүн, 15-декабрда, Садыр Жапаров Талас облусундагы шайлоочулары менен жолугуп,  суроолоруна жооп берип жатканда, мамлекеттик кызматтагы эки кудасы тууралуу суроо берилип, ага төмөндөгүдөй жооп берди:

5-октябрда өлкөдөгү абал 2010-жылдагы учурга окшош башаламан эле. Ошондой оор маалда мамлекеттеги коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп, кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырдык. Өзүм билген адамдарды дароо маанилүү кызматтарга дайындадым. Болжол менен жыйырмадай мамлекеттик кызматкерди дайындагам. Алардын арасында эки кудам да бар экен. Бирок, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин мен убада кылгандай аким-губернатордон тарта бардык мамлекеттик кызматкерлер ачык сынактын негизинде дайындалат.

Эки кудасы ким, алар кайсы кызматта?

Белгилей кетсек, буга чейин «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жаңы дайындалган башчысы Турусбек Түмөнбаев менен Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Таштанбек Каймазаров Садыр Жапаровдун кудалары экенин Factcheck.kg жазып чыккан. Ал маалыматка караганда, Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууганы Акат Жапарованын, ал эми Таштанбек Каймазаров эжеси Райкүл Жапарованын кудасы.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы толкундоолордун арты менен бийликке келген. Ошол учурда кош кызматты  колго алып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп иштеп жаткан. Шайлоого катышуу максатында 14-октябрда бардык кызматын өткөрүп берген эле.

Айтмакчы, президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда. Бүгүн, 15-декабрда, расмий үгүт иштери башталды. 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Муну кепилдеген мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөн жумада чукул кабыл алган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.