ВИДЕО — Москвада баласын аёосуз сабаган ата үч жарым жылга кесилди

ВИДЕО — Москвада баласын аёосуз сабаган ата үч жарым жылга кесилди

Москвада баласын «отжимания» жасабайсыӊ» деп аёосуз сабаган кыргызстандык жаран үч жарым жылга кесилди. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги кечээ, 14-декабрда, жазып чыкты.

Алардын айтымында, баланы аеосуз сабоо фактысы Москва шаарынын Кунцево районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Анда баласын урган атанын башка учурларда да уулун урганы аныкталган. Ал күнөөсүн мойнуна алган. Ага «баласын багууда, тарбиялоодо жоопкерчиликсиз мамиле жана зомбулук кылган» деген айып тагылып, 3,5 жылга кесилди.

Эске сала кетсек, ушул жылы жазында, апрель айында Москвада баласын сабаган адамдын тасмасы социалдык түйүндөргө тарап, ага коомчулук реакция кылып, жоопко тартылышын талап кылган. Биздин ИИМ балага зомбулук көрсөткөн окуя 16-апрелде Москвада болгонун, баласын сабаган ата Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну экенин, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткенин билдирген.

Андагы ВИДЕОлорду төмөндөн көрсөӊүз болот:

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.