ВИДЕО — Нурсултан НАЗАРБАЕВ: «Куралданган бакиевчилер Бишкекти көздөй бет алаарын Отунбаевага эскертип, алып чыгып кеткем»

ВИДЕО — Нурсултан НАЗАРБАЕВ: «Куралданган бакиевчилер Бишкекти көздөй бет алаарын Отунбаевага эскертип, алып чыгып кеткем»

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев «Хабар» телеканалына маек куруп жатып, биздин экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди 2005, 2010-жылдардагы төӊкөрүштөн кийин Кыргызстандан кантип чыгарып кеткенин айтып бериптир. 

— Кыргызстан тууралуу айтсам, Аскар Акаевди мен Бишкектен Таразга вертолет менен алып чыгууга аргасыз болгом. Анткени Кыргызстанда акыбал өтө оор эле, ок атышуу болуп кетмек. Акаев Тараздан ары Орусияга кетти. Андан кийинки президенти да ошол эле окуяны кайталады. Ал Ошто жатып алып, тарапташтарын чогултуп, куралданып Бишкекке барып кол салууга даярданган. Анан мен ага: «Курманбек, сен эмне кылып жатасың? Кан төгөсүң, анан, эмне, кайра президент болосуңбу? Ушундан кийин кантип иштейсиң?» дедим.

Ал учурдагы убактылуу президент Роза Отунбаевага телефон чалып, аларга Кыргызстанда согуш коркунучу башталганы жатканын, куралданган бакиевчилер Бишкекти көздөй бет алаарын эскертип, «бир нерсе кылалы» дедим. Отунбаева кандай жол менен болсо да, Кыргызстандан Бакиевди алып чыгып кетүүмдү суранды. Анан Бакиевге чалып, аны алып чыгып кетүүгө араӊ көндүргөм…

Ошол маалда мен дүйнөлүк өзөктүк куралданууга байланыштуу саммитке катышып жаткам, ал жерде Кыргызстан тууралуу сөз болуп жаткан. Баарыбыз сүрөткө түшүп келгенден кийин, агездеги Орусиянын президенти Медведев, АКШнын президенти Обама үчөөбүз стол үстүндө шыбырашып Кыргызстандагы абалды жөнгө салууну сүйлөшкөнбүз. Ошентип, мен Отунбаевага Бакиевди алып кеткени самолет жибереримди айтып, орусиялык аткыч учактар биздин самолеттун коопсуздугун камсыз кылуусун эскерттим. Ошол кездеги Коргоо министри Адилбек Жаксыбеков болчу, ага «Ошко самолет жибер» десем, ал Оштогу аэропортко шагыл түшүрүп салышканын, самолеттун конушу мүмкүн эместигин айтты. Ошентсе да, самолетту жиберип, Бакиевдерди үй-бүлөсү менен алып келишти», — деп эскериптир Нурсултан Назарбаев.

Ишенбейм десеӊиз, төмөндөгү ВИДЕОдон 34:13-мүнөттөн баштап уксаӊыз болот. 

Эске сала кетсек, 2005-жылы 24-мартта Аскар Акаев бийликтен кулатылган. Анын ордуна тактыга Курманбек Бакиев отурган. Ал дагы 5 жылдан кийин, 2010-жылы 7-апрелде тактыдан кулатылган. Анын ордуна Роза Отунбаева келип, алгач убактылуу өкмөттүн башчысы болуп, референдум өткөндөн кийин өткөөл мезгилдин президенти болгон эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.