ВИДЕО — Жаачы, каскадер кызыбыз Асланайым Аширова экинчи операцияга муктаж. Жардам кылыӊыздар…

ВИДЕО — Жаачы, каскадер кызыбыз Асланайым Аширова экинчи операцияга муктаж. Жардам кылыӊыздар…

Цирк режиссёру, жаачы, каскадер, жогорку категориядагы цирк артисти, көп кырдуу талант ээси  Асланайым (Светлана) Аширова экинчи операцияга муктаж. Бул тууралуу бүгүн,16-декабрда, анын жакын курбусу Чынара ЖАКЫП кызы биздин редакцияга билдирди.

Анын айтымында, каражатка байланыштуу Асланайымга экинчи жолу жасала турган операция өз убактысынан кечигип жатат. Ага тынчсызданган курбусу буларды айтты: «Окуя окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтып берейин. Эсиӊиздерде болсо керек, былтыр он күн (9-марттан 19-мартка чейин) Сауд Арабиясынын Королдугунун аймагында, король Абдул Азиз бин Салман атындагы жыл сайын өтүүчү эл аралык “Camel Fest” фестивалына Кыргызстандан бир катар маданият өкүлдөрү, спортчу, каскадер жана акробаттар барган. Алардын арасында биздин жаачы, каскадер кызыбыз Асланайым (Светлана) Аширова болгон. Бирок, бутунан кырсыктап калып катыша албай калган. Бутуна 11-мартта Эр-Рияд шаарындагы «King Saud Medical» ооруканасында операция жасалган. Ошол дарты кайра күчөп жатат, ага карабастан ал дагы эле болсо үзүрлүү эмгектенүүдө. А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде көркөм гимнастика жана балет хореографиясынан сабак берет. Асланайымдын окуучулары эл аралык чемпионаттарда катышып, алдыңкы орундарга да ээ болуп жүрөт. Кесибин билгичтик, артыкчылык менен таамай, таасын аткарган өз ишинин чыныгы чеберинин, Кыргыз цирк өнөрүнө, кыргыз искусствосуна кесипкөйлүк менен ак эмгегин арнап жаткан таланттуу кызыбыздын операциясы үчүн жардам керек. Ушундай талантуу кызыбызга кол сунасыздар деген чоң үмүтүбүз бар. Мындай жардам аркылуу биз таланттуу кызыбыздын мындан ары да өз ишмердүүлүгүн татыктуу улантып, кыргыз цирк өнөрүнүн, кыргыз искусствосунун өркүндөп-өсүшү үчүн салым кошушуна көмөкчү болобуз.Сиздер көрсөткөн ар бир жардам – абдан маанилүү». 

Кайдыгер карабай, жаачы, каскадер кызыбызга жардам кылам дегендер: (0776) 270388 (Элсом) телефонуна чалсаӊыздар же каражат которсоӊуздар болот.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Сауд Арабиясындагы «Camel Fest» этнофестивалына 98 өлкө катышкан. Кыргызстандан 2000ден ашык өнөр адамы: спортчулар, уз-усталар, зергерлер, кол өнөрчүлөр, ат үстүндөгү оюнчулар катышкан. Фестивалга даярдык жүрүп жатканда кырсыктаган кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Ашировага 11-мартта Эр-Рияд шаарындагы «King Saud Medical» ооруканасында операция жасалып, ал ийгиликтүү аяктаганын Улуттук оюндар боюнча дүйнөлүк конфедерациянын басма сөз кызматы жазып чыккан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.