Адахан МАДУМАРОВ: «»Бир жигиттен башкага чуркасаңар, үйүңөрдү өрттөйбүз!» дегендер пайда болгонун айтышты»

Адахан МАДУМАРОВ: «»Бир жигиттен башкага чуркасаңар, үйүңөрдү өрттөйбүз!» дегендер пайда болгонун айтышты»

Президент болмокчумун деген 18 талапкердин бири Адахан Мадумаровдун Ысык-Көл облусунан баштамакчы болгон үгүт иш планы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу ал өзү КТРКнын түз эфиринде билдирди.

«Мен эл менен биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайлы деген жакшы оюм бар эле. Тилекке каршы, ал үзгүлтүккө учурады. Анткени ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранып, алар мага: «Бизде жаш азаматтар пайда болду, эгерде кимде-ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз!» деп айтышты«, — деп кейиди А.Мадумаров.

Кечээги соттун кылыгы…

Кечээ, 16-декабрда, президенттикке дагы бир талапкер Равшан Жээнбековдун «Кой -Таш окуясы» боюнча бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны үй камагында калтырды. Эми талапкер Кыргызстандын аймактарына чыга турган болсо, ар бир жолу сотко келип уруксат алууга тийиш. Соттун мындай чечимин Жээнбеков «президенттикке талапкердин укугун бузуу жана үгүт иштерине тоскоолдук жаратуу» деп баалады.

Ошондой эле Бишкек шаардык соту кечээ дагы бир талапкердин ишин караган. Тагырагы, «Кой-Таш окуялары» жана октябрдагы башаламандык боюнча күнөөлөнүп жаткан Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, ага өлкөнүн бардык аймактарында эркин жүрүүгө уруксат берген эле…

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда. Үгүт иштери 15-декабрда башталган жана учурда ар кыл кызыктары менен кызуу уланууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Адахан МАДУМАРОВ: «»Бир жигиттен башкага чуркасаңар, үйүңөрдү өрттөйбүз!» дегендер пайда болгонун айтышты»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.