БШК президенттик шайлоо чыгымдарын 2,5 млн сомго көбөйттү…

БШК президенттик шайлоо чыгымдарын 2,5 млн сомго көбөйттү…

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кечээ — 16-декабрдагы жыйынында мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мурда бекитилген сметага өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2-ноябрда бекитилген сметада 686 млн 451 миң 337 сом каралган. Эми 688 млн 961 миң 237 сом жумшоо каралууда. Бул мурдагы суммадан 2 млн 509 миң сомго көбүрөөк.

БШК бул чечимин чет жактарда 3, өлкө ичинде 13 кошумча шайлоо тилкелери ачылып жаткандыгы менен түшүндүрдү. Буга чейин БШК мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтчү күнгө кабат белгиленген референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү чыгымдарынын сметасын 39 млн 946 миң сом деп бекиткен болчу.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. 18 талапкер ат салышууда. Ушул эле күнү башкаруу формасын тандоо боюнча референдум да болот. Тиешелүү мыйзам долбооруна 12-декабрга караган түнү президенттин милдетин убактылуу аткаруучу, Жогорку Кеңеш спикери Талант Мамытов кол койгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.