ИИМ: «Социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз!»

ИИМ: «Социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз!»

Аймактары аралык (улуттар аралык дагы) кастыкты козутуу материалдарын даярдап, тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын дагы катуу эскерткен ИИМдин билдирүүсүн мекеменин Басма сөз кызматы бүгүн, 17-декабрда, жалпыга жарыялады.
«Президенттик шайлоого карата шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда региондор аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган чагымчыл материалдарды тараткан фактылар орун алууда. Ушуга байланыштуу ИИМ чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар КРнын кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз.

ИИМ жарандарды “WhatsApp” мессенджеринде жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына — 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет. Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт» деп жазылат маалыматта.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.