ВИДЕО — Жаныбек ЖАНЫЗАК: «“Мен өлө элекмин” деп каттоодон өтүп туруу мыйзамын укпапмын…»

ВИДЕО — Жаныбек ЖАНЫЗАК: «“Мен өлө элекмин” деп каттоодон өтүп туруу мыйзамын укпапмын…»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Айтылуу «Асаба» жана «Агым» гезиттеринде иштеген, «Жанызак пресс» басмаканасынын, «Presskg.com» сайтынын негиздөөчүсү, компьютер, телефондорго кыргыз ариптерин эң биринчи колдонууга киргизген, дегеле, ойлоп табуучулук, жаратмандык жактан мыктынын мыктысы болгон Жаныбек Жанызак  бүгүн, 17-декабрда, узакка созулган оорудан кийин 69 жашында каза болду. Бул тууралуу кызы Айпери Жанызакова социалдык тармактарга жазды. 

Ушул алтын кызы атасында залалдуу шишик бар экени билингенде, тийиштүү ооруканалар, тийиштүү адистер — нейрохирургдар менен байланышып, Москвага чейин жеткирип ооруканага жаткырганын, күнү-түнү жанында болуп, керебет жок полдо уктап, ар күнү пайдалуу жемиш, азыктарды ташып келип жатканын, сейилге чыккандарын — айтор, «түйшүктүү кызымдын аракети жанса» экен деп, Жаныбек байкебиз өзүнүн абалын, өлкөнүн, дүйнөнүн жаӊылыктарына да реакция кылып, адаттагыдай куйкум сөздөрүн аралаштырып бир айга чейин Фейсбукка жазып калып жатты эле… Акыркы жазгандарын карасак, «Георгий Василиади досум ден соолугумду сурап жазыптыр…» деп, ага бир топ сөз менен жооп жазып, ичинде «…Химия биринчиси бүттү. Эми 3 химия бар. Гамма кескичи жакшы беле дегеним. Бирок анысы мага болбойт экен дейт. 30.10 экинчи химия» дептир эле… Кийин, 31-октябрда, Фейсбук баракчасына кызы экөөнүн сүрөтү менен «Мына биз, химиянын экинчи курсуна өттұк. Теңирим батасын сиздерге төксұн! Баарыңарды жакшы көрөм. Аман болгула! ❤ Буйруса эми ұйгө жөнөйбүз, үй-бүлөнүн жанына» деп соӊку билдирүүсүн калтырып, ошол бойдон эч нерсе жазылбай калган эле… 

Эми, жазмыш экен, «Архивден…» деп эски материалдарды аӊтарып, акка моюн сунган байкебизди эскерип отурабыз… 

Жаныбек байкебизди «Баягы Асаба» гезитине «Ата-бала» рубрикасына уулу экөөнөн маек алып чыгардык эле. Уулу Жакшылык: «Атамдын кийимдери көп, кийгиси келбейт. Көп чөнтөгү бар кийимди жактырат. Кийип жүргөн чыптамасы 10 кг. Анткени анын отвертка, кычкач, мык, изолента, ачкычтар, бир пачка дирол салынып жүрөт» деп айтып күлдүргөн… Анын сыңарындай, оригиналдуу байкебиздин элеси ошондой оригиналдуу кийими менен көз алдыбызда калды… Тирүүлүктүн иши ушул экен, эсен болуп, эстей жүрүңүз, окурман!

Жаныбек ЖАНЫЗАК: «Басмакананы балама өткөрүп жатам»

— Жаныбек мырза, уулуңуз кандай чыкты? Биз билгенден өтө эле токтоо го?..

— Жакшылык жакшы бала болсун деген тилек менен атын койгонбуз, атына жараша жаман чыккан жок. «Жаку» деп эркелетебиз. Жаку башынан эле токтоо. Кенедейинен эле компьютерге кызыкчу. Анан апасы компьютер алып берип койгон. Андан атышмай, чабышмай, автожарыш деген оюндарын ойноп отурчу. Минтип отурса, менин ишимди кантип алып кетет деп ичимден ойлой берчүмүн. Бир күнү катуу ооруп жыгылдым, жарым-жартылай инсульт болуп… Воронцовкага жатып калдым. Компьютер басканга жарабай калдым деп кейип жаттым. Чыгып келсем эле гезиттер баягыдай эле сайттарга чыгып жатыптыр. Көрсө, балам мага байкатпай эле көз кырын салып жүрүп үйрөнүп алыптыр. Ошондо кубанганымды эми айтпай эле кой. Ошондон бери сайтты иштетип келатат. Колум узарып эле жыргап калдым. Балам компьютерди кыйын билет, компьютердин директору. Аны эрте билип алса дагы жаман экен. Анткени «мен билгенди эле окута берет экен» деп окуусун таштап салды. Бирок, өз алдынча таштаган жок, мени менен кеңешти. Мейли дедим. Азыр басмакананы балама өткөрүп жатам. Келинчеги экөө ушуну жүргүзүп кетсе экен деп апасы экөөбүз тилек кылып олтурабыз.

— Дегеле кемчилиги жок деңизчи?

— Бар кемчилиги. Акылдуу болгону менен кара жумушка жок, жалкоо. Үй салып жатканда фундаментин кошо куюшту. Аны да айтып жатып кылдырдым да, болбосо ылайды көрөйүн деген көзү жок. Элге теңелем деп өлчөөсүз үйдү салаарын салып алып, эми карыздардан кутулалбай кайпаластап, ошо тамдын өзүн саталбай ит болуп жаткандагы кербезим. Ал эми басмачылык турмушумда жыл соңунда баары бир жакшылык келгенсиди: кыргыздын кыраан жигиттеринин бири Анапияев Алманбет кыргыз балдары үчүн деп «Кыргыз эл жомоктору» топтомунан менин басмаканама 4000 нуска китеп заказ кылды. А кишинин мындай соопчулук аракетин мен да колдоп, колдон келишинче арзан кылып чыгарып берүү милдетин алдым. Ушул эки окуя мен үчүн өткөн жылдын негизги өзөгүн түздү. Бирок башка деле майда-барат жакшылыктар болуп жатты, албетте.

Жакшылык ЖАНЫЗАКОВ: «Атамдын кийип жүргөн чыптамасы — 10 кг. Анын чөнтөктөрүндө эмне гана жок»

— Жакшылык, атаңа кандай бала болдум деп ойлойсуң?

— Кандай бала болгонумду атам айтып сындасын. Бирок, жакшы эле уул болуп жатам го дейм. Анткени айрым балдардай болуп чаң чыгарып же бейбаштык кылган жокмун. Атамын машинесин сурап айдайм. 26 жашка чыгып, үй-бүлө күтүп оюм токтолуп калган чагым. Мен үй-бүлөнү жогору коем. Жубайым экөөбүз ынтымактуу, жакшы жашап кетсек, ата-энебиздин кубанычы ошо да. Биз баарыбыз чогуу турабыз. Бирге чай ичебиз, ишти чогуу аткарабыз. Эл катары жашап жатабыз. Үйгө ит, мышык кармайбыз. Ата-энем аларды аябай жакшы көрөт. Мен дагы жакшы көрөм. Бир жакка кетсем, алар мени сагынат. Келгенде эркелеп тосуп алышат. Ата-энем өтө жөнөкөй, жакшы адамдар. Атамды жакшы билесиңер, кийим-кечеге да көңүл бурбайт. Кийимдери көп, кийгиси келбейт. Көп чөнтөгү бар кийимди жактырат. Кийип жүргөн чыптамасы 10 кг. Анткени анын чөнтөктөрүндө отвертка, кычкач, мык, изолента, ачкычтар, бир пачка дирол салынуу жүрөт.

— Атаң бөлмөсүнө тийгизбейт турбайбы. Чачык, ачык кармаганына күбө болбодук беле. Азыр жыйналып калса керек…

— Атамдын бөлмөсү азыр деле чачык. Ага апам жакында эле кирип жыйнаган, бирок жарым сааттан кийин кайра чачылып, инструменттери, компьютери аралашып калат. Апамдар жыйнап турат, бирок атам кайра эле чачып алат. Өзүнө ошондой ыңгайлуу болсо керек.

— Ата жолун жолдоду десек болобу?

— Компьютер жагынан атама айттырбай эле үйрөнчү жерлерин үйрөнгөнгө аракет кылам. Жалаң сайт эмес, атамын китеп чыгарган программаларын да үйрөнүп жатам. Себеби, атам: «Эми китеп чыгарганды колуңа алышың керек!» деп кыйнап жатат. Ушул жагынан алганда атамын жолун жолдодум. Атамдын макала жазган жагын тарткан жокмун, себеби жазганга шыгым жок. Атам болсо макалаларды жакшы жазат. Бул жагынан карындашым тартат го дейм, ал журналисттик кесипте окууда. Атамдай боло албасак да, атамын жолун жолдогонго, атам билгендерди билели деп карындашым экөөбүз аракеттенип жатабыз. Ата-эненин мээнетин дөөлөткө айлантуу кыйын, ошентсе да колдон келишинче жардам бергенге умтулуп жатабыз.

— Келинчегиңди өзүң таптың­бы же ата-энеңби?

— Нарындын Оттук деген айылына күйөө бала болдум. Дурус эле күйөө бала болгонсуйм. Жакында эле Оттукка барып келдик. Аябай суук экен. 5 күн гана чыдадым. Келинчегимден аты — Фарида, экөөбүз мурда эле тааныш болчубуз, интернет аркылуу таанышканбыз. Алыс жакта болгондуктан, скайп менен сүйлөшчүбүз. Былтыр Бишкекке келди. Ошондо атамдын басмаканасына иштөөнү сунуштадым. Сунушумду кабыл алып, кышында ишке келди. Анын иштегени атама аябай жакты. Анан апам айта баштады… Бир чечимге келип, баш коштук. Фарида ыймандуу, оокатка тың, бардык ишти алып кете алат. Атамдын ишин мындан нары өнүктүргөнгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз азыр. Буйруса, китеп бизнеси жагына өтөбүз.

— Компьютер, сайтка атаңдын иши аркылуу кызыгып калдың беле же?..

— Атам кылган ишке мурдатан эле кызыкчумун. Кылган ишин биртике эле көрсөткөнү менен иштеткен эмес. Бир жолу атам ооруп ооруканага жатып калды, компьютерге иштей албай калдым деп аябай капаланды. Ошондо атамдан көргөнүмдөй кылып гезиттерин сайтка чыгардым. Ооруканадан чыкканда кылганымды көрүп аябай кубанган. Ошондон тарта гезиттерди сайтка жайгаштырууну мага өткөрүп берген. Толук жакшы болуп калгандан кийин китеп чыгарган жагына өткөн. Атам чуркап иштейт. Өтө эмгекчил. Мен болсо чуркап иштегенди анчейин жактыра бербейм. Бирок интернеттеги сайттарда аябай эле «чуркап» иштеп, аны жакшы эле кыдырам…

— Демек, кара жумушка шыгың жок?

— Шык жок деп айталбайм, кызыкпайм да. Атам айта берип кара жумушка салып коет, болбосо, ага убакыт короткум келбейт. Ага кеткен убакыттан көрө интернетте отурганым жакшы. Компьютер, интернет дегениң, адамга өтө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет экен. Мен Улуттук университеттин информатика факультетинде окучумун, 2-курсту ортолоп калганда окуудан чыгып кеттим. Себеби, ал жерде мен билгендерди окута берип, кызыксыз болду. Ага караганда интернеттеги жумушум алда канча кызыктуу эле. Атайын бир окуу жайына кирип окуюн деген оюм жок. Анткени интернеттин өзү тынымсыз окууну талап кылаарын билебиз. Дайыма жаңы программаларды өздөштүрүп, үйрөнүп турбасаң артта каласың. Демек, мен тынымсыз окуп жатам азыр деле…

— Интернеттен кайсы сайтка көбүрөөк киресиң жана кайсы гезитти окуйсуң?

— Жаңылыктарды окуганы көбүнчө facebook жана youtube сайттарына кирем. Кыргыз гезиттеринин такай чыгып турганы жагат. Биздин сайтка убактылуу чыгып, чыкпай калган гезиттер жакпайт. Биздин сайттын системасын кээ бир сайттар түшүнбөйт. Кеп гезиттердин өз учурунда чыгышы эмес. Максаты — электрондук архив кылып, google аркылуу сактап берүү. Биздин сайт Кыргызстанга жакшы таанымал болуп калды. Канча деген гезиттер менен иштешип келатам. 2006-жылдан бери, санап көрсөм, 30дан ашык гезит кириптир сайтка, ар бир гезиттин архиви, ар бир гезиттин беттери web’баракча болуп сакталып келатат.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж

P.S. Жаныбек байкебиз жүргөн жеринде күлкү жаратчу эмес беле. Былтыр соцфондго барып, пенсия алуу мыйзамын сурап, шумдук бир мыйзамды укканын соткасына тартып, “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырган эле. Ал ВИДЕОну бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүңүз.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты узак оорудан улам каза болгон Жаныбек Жанызактын жубайына, баласы Жакшылыкка, кызы Айпериге, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.