Жабырлануучу полковник Капаров ага-ини Жээнбековдорду сотко чакырды…

Жабырлануучу полковник Капаров ага-ини Жээнбековдорду сотко чакырды…

Кечээ, 16-декабрда, Жогорку сотто Ош ОИИБнин 4 жылга кесилген мурдагы башчысы Абдилат Капаровдун доо-арызын кароо башталды. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Эркин Саданбеков бүгүн, 17-декабрда, билдирди.

Айтымында, жабырлануучу А.Капаров сотко экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-спикер Асылбек Жээнбековдун келишин суранган. Анын өтүнүчүн сот канааттандыргандыктан, сот отуруму 2021-жылдын 12-январына жылдырылган.

5-6-октябрда Жээнбековдордун коррупциялашкан үй-бүлөлүк–кландык башкаруусу алмашкандан кийин, мыйзамсыз соттолгон милициянын полковниги Капаров түрмөдөн бошотулуп, сот бийлигинин жогорку органына кассациялык даттануу менен кайрылган”, – дейт адвокат Саданбеков.

Эске сала кетсек, 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин, андагы Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков жана иниси Асылбек Жээнбеков экөө түштүктөгү абалды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен бөлүнгөн 3 млн долларды кымырып алганын 2017-жылы Капаров айтып чыккан. Ал учурда өлкө президенти болуп калган С.Жээнбеков ал айыптоону «каралоо» деп четке кагып, сотко да кайрылып, Капаровду айыппулга жыккан. Тагырагы, Капаров Ош шаардык сотунун чечими менен ага-ини Жээнбековдорго моралдык зыян келтиргени үчүн 250 миң сом компенсация төлөп бериши керек болчу. Бирок соттун ал чечимин аткарбай койгондуктан төрт жылга кесилип, 3 жылдан бери камакта болчу. Бийлик алмашкансыгандай болгон октябрдагы нааразылыктардан кийин абактан бошотулуп, Ош шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу максатта Жогорку сотко арыз менен кайрылган эле…

Даттануу-арыздануулар кандай болот, кандай аяктайт, бир кудай билет, анткен менен жаӊырган жыл ичине белгиленген сот жүрүштөрүнө дагы кайрылабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.