Өмүрбек Текебаев элге, партиясынын мүчөлөрүнө кайрылды. Кайрылууда эмнелер айтылды?

Өмүрбек Текебаев элге, партиясынын мүчөлөрүнө кайрылды. Кайрылууда эмнелер айтылды?

«Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев 10-январга дайындалган референдумда элди парламентаризмге үгүттөөгө чакырып, партиялаштарына кайрылды. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү, бүгүнкү Кыргыз Республикасы жаралган күндөн баштап, мамлекеттүүлүк, эркиндик, адам укугу, демократия – эл бийлиги үчүн талыкпай күрөшүп келе жатышат. Биз үчүн “Ата Мекен” партиясы эптеп эле бийликке жетүүнүн амалы, инструменти эмес, биз үчүн “Ата Мекен” атадан балага кала турган баалуулуктар. Биз үчүн “Ата Мекен” – бул жашоо образы. Кыргызстанда 3 муун: чоӊ атасы, атасы, өзү мүчө болгон башка партия жок.

2021-жылдын 10-январында мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болгону турат. Референдум Конституция жана мыйзамда көргөзүлгөн тартиптерди одоно бузуу менен өтүп жаткандыгын белгилегим келет. Бул референдумга “парламенттик республиканы же президенттик республиканы тандайсызбы?” деген суроо сунушталган.
Борбордук Азия регионундагы тарыхый-саясий кырдаалды, бул региондогу өлкөлөрдүн элдеринин менталитетин, саясий маданиятын эске алганда, Кыргызстанга элдик бийлик – парламенттик башкаруу керек экендиги талашсыз. Кыргызстан өзүнүн акыркы 30 жылында иш жүзүндө президенттик башкаруу формасында жашап келди. Жеке адамдын бийлиги өзүм билемдикке, зордук-зомбулукка алып келип, экономиканын өнүгүшүнө залакасын тийгизди. Кыргызстандагы 3 жолку революция, элдик көтөрүлүш жеке бийликке, өзүм билемдикке каршы болуп өттү. Кыргызстан чыныгы элдик бийликти – парламенттик башкаруу формасын көрө элек. Парламенттик башкаруу формасы элдик көзөмөлдү камсыз кылган, коомдук пикирге жана элдик өкүлчүлүккө реалдуу күч берген саясий аттандаштыкка негизделген саясий система.
Урматтуу мекендештер!
Тарыхты унутпайлы. Андан туура тыянак чыгаралы!
Урматтуу партиянын мүчөлөрү!
Партиянын атынан сиздерге мыйзамсыз жарыяланса дагы, ушул референдумда парламенттик республиканы колдоп добуш гана бербестен, башка адамдарды дагы үгүттөп, парламенттик республика үчүн күрөш жүргүзүшүнөрдү суранам.
Ушул эле күнү референдумдан башка кезексиз президенттик шайлоолор да болот. Партиянын ичинде кайсы талапкерлерди колдойбуз деген дискуссия болуп өттү. Бир пикирге келе алган жокпуз. Партиянын мүчөлөрүнүн тандоосу кандидаттардын идеологиялык өзгөчөлүгүнөн башка дагы, алардын жеке адамдык сапатына, тарыхына да байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан, партия президенттик шайлоодо өз мүчөлөрүнө эркин добуш берүүнү жарыялайт. Бирок, тигил же бул себептен кандитатты тандап, добуш берип жатканда партиянын идеологиялык установкасын да унутпашынарды суранам.
Шайлоо болот, шайлоонун эртеси да болот. Тигил же бул кандидат деп партиялык ынтымакты бузбайлы. Шайлоо бүтөт, бирок проблемалар калат. Дагы деле адилетсиздикке каршы күрөшкөн «Ата Мекен» партиясы болот, дагы деле бизден башкалардын баары жылуу-жумшак орундарга тарашат. Партиянын президенттик шайлоодо эркин добуш берүү чечими мына ушуга негизделген.
Урматтуу мекендештер!
Өлкөнүн тагдыры сиздердин колуӊуздарда. Тарыхый жоопкерчиликти сезип, улуу максаттарга татыктуу бололу, туура тандайлы!
Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда. Үгүт иштери 15-декабрда башталган. Ошондой эле 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.