Оюнчук ышкырыкты жутуп алган 4 жаштагы бала көз жумду. Окуянын чоо-жайы…

Оюнчук ышкырыкты жутуп алган 4 жаштагы бала көз жумду. Окуянын чоо-жайы…

Ош облусунда 4 жаштагы бала оюнчук ышкырыкты жутуп алып, көз жумду. Мындай маалыматты Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев журналисттерге тастыктап, окуянын чоо-жайын да айтып берди.

Айтымында, окуя кечээ, 17-декабрда, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон. Мындай маалымат милицияга саат 17:20 чамасында келип түшкөн.

2016-жылы туулган М.А. аттуу бала үйдө ойноп жатып кокустан оюнчук ышкырыкты жутуп алган. Үйүндөгүлөр оюнчукту баланын оозунан алып чыгууга аябай аракет кылганы менен ал натыйжа берген эмес. Ал 20 мүнөттүн ичинде чарчап калган. Ага ишенбей, апасы менен туугандары баланы эс-учун жоготуп койду деп ооруканага алып барышкан. Ал жерден бала качан эле чарчап калганын угушкан. Баланын чоң атасы, чоң энеси, апасы соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты. Каза болгон баланын атасы эмгек мигранты, ал Россияда жашайт” деп билдирди Ж. Аширбаев.

Бул окуядан улам, ата-энелер, улуу-кичүү бардык жарандарга айтарыбыз, балдарга, өзгөчө наристе бөбөктөргө майда оюнчук алып берерден мурун ойлонуӊуздар! Алып берген болсоӊор, тыкыр көз салыӊыздар, байкаӊыздар, абайлаӊыздар! 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.