ЖАПАРОВ: «»Кайсы талапкер болбосун кучак жайып тосуп алгыла!» деп айтып жатам»

ЖАПАРОВ: «»Кайсы талапкер болбосун кучак жайып тосуп алгыла!» деп айтып жатам»

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров атаандашы Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфириндеги билдирүүсүнө бүгүн, 18-декабрда, жооп кайтарды.

«Адахан Кимсанбаевич «көлгө барсам, мени киргизбей, административдик ресурс колдонулду» деп айткан экен. Жок, андай эмес. «Кайсы талапкер болбосун кучак жайып тосуп алгыла! Программасын уккула, жакшынакай узатып койгула. Анан программасына карап көкүрөгүңөр менен өз каалооңорго жараша добуш бергиле» деп мен бардык аймактарга барганда айтып жатам«, — деди Жапаров Өзгөн районунда шайлоочулар менен жолугушууда.

Эске сала кетсек, Адахан Мадумаров КТРКнын түз эфиринде анын тарапташтары кайсы бир адамдар тарабынан опузага кабылгандыктан Ысык-Көлдөгү жолугушуусу үзгүлтүккө учураганын билдирген. Аны толугу менен бул ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Айтмакчы, Мадумаровдун бул маалыматы Башкы прокуратурага, ИИМге жиберилгенин БШК кечээ, 17-декабрда, билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталды жана добуш берүүгө 24 саат калганда — 9-январда токтойт. Бул күнү Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.