ВИДЕО — Айдарчиктин апасын Назгүл Насиева 5 күндө таап берди. Эне-баланын жолугушуусу…  

ВИДЕО — Айдарчиктин апасын Назгүл Насиева 5 күндө таап берди. Эне-баланын жолугушуусу…   

Айдарчиктин апасы РАХАТ: «Кыргыз элимден кечирим сурайм»

Айдарчиктин апасы кыргыз элинен кечирим сурап, Назгүл Насиеванын бетинен кайра-кайра өөп ыраазычылык билдирип, буларды айтты:

— Кызым да оорукчан, «башында опухоль бар» дегенди укканда депрессияга түшүп, башымдан өтүп жаткан окуяны бир эжеге айтып берсем, «Балаӊды мен карап берейин» дегенинен берип койгом. «Жоготуп алдым» деп чалса деле болмок, себеби, мен байланышып эле турчумун. Бирок, мен аны күнөөлөбөйм деле… Баламдын жоголуп кеткенин тааныш эжеден уктум. Жалгыз бой аялмын. Кызым оорукчан. Ушунча чоӊойтуп алып, кантип баламды таштайын?! Таштагым келсе, кичинесинде эле таштамакмын. Кыргыз элим, мени кечирип коюӊуздар. Дагы жакшы Назгүл эжедей адам бар экен, балам табылды. Милицияга деле ишенбейт элем. Интернеттен сууруп чыкканыӊызга чоӊ рахмат, эже!

ВИДЕОсун бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүңүз! Ал эми эне-баланын жолугушуусун бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Милициядай иштеген Назгүл Насиева эмне деди?..

«Темир тор артында» аттуу долбоордун автору, “Сен жалгыз эмессиң” кайрымдуулук коомунун төрайымы Назгүл Насиева карылар жана балдар үйлөрүнө барып, маал-маалы менен колдоо көрсөтүп турат. Бул жолу да балдар үйүнө барып, ал жердеги Айдарчиктин апасын таап берип, элден бата алып отурат. Адамгерчилиги жогору боорукер, жароокер эжебиз «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

— Канчалык күчтүү болсоң да, маңдайга түшкөн оор түйшүк, сындырып коюшу заматта. Стресс, депрессия эстен алып коёт. Айдарчиктин апакесин туура түшүнүүгө аракет кылалы, улуу, кеменгер, айкөл, боорукер кыргыз элим! Баарыбыз пендебиз. Баарыбыздан катачылык кетет. Турмуш кээде ушунчалык калчайт, турган жериңден мээ токтоп калат. Балдар үйүнөн бөбөктү эч ким издебегенин укканымда, бир чети таң калдым, бир чети боорум ооруду, бир чети таштап кеткен ата-энесин жек көрдүм. Бөбөктү үйүмө алып келген күндөн баштап, канча күн, ай, жылдар болсо да, ата-энесин, жок дегенде тууган уругун сөзсүз табышым керек деп, өзүмө максат койдум. Беш күн, беш түндө эле социалдык тармактын күчү менен, дудук, кулагы укпаган бөбөктүн апасын таптык. Баарыңыздар берген суроону мен да бердим, «Эмне үчүн балаңды таштап кеттиң, эмне үчүн издебедиң?» деп. Жообун алдык. Түшүнсөк болот. Бул айым жалгыз бой жашайт экен, жолдошу менен ажырашып кеткен, байланыш такыр жок, жети жаштагы кызы да азыркы учурда башында опухоль бар, бир капталы такыр кыймылдабайт, бир баласы дудук, кулагы укпайт, жашоо турмушу оор. Ар бир бала өз ата-энеси менен жашаш керек! Буюрса баары жакшы болот. Эч кам санабаңыздар!

Эмне дейбиз, Назгүл Насиевага рахматтан башка сөзүбүз жок. Себеби, дагы эле болсо Айдарчиктин ден соолугуна кам көрүп чуркап жатат. «Угууну түзөтүү борбору «ФОНОТЕК», «SISTEM»диагностикалык борборлордун жалпы жамаатына жана доктор Буваев Шухрат Икрамовичке терең ыраазычылык билдирем! Текшерүүлөр да, операция бепбекер. Ак халатчан дарыгерлерибизге тиземди бүгүп рахматымды айтам» деген боорукер, камкор эжебиздин ыраазычылыгына биз да кошулабыз! Бар болуңуздар, жакшы адамдар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.