Айбек МАМАТОВ: “Элимди акыркы демим калганча коргоо — менин ыйык милдетим!”

Айбек МАМАТОВ: “Элимди акыркы демим калганча коргоо — менин ыйык милдетим!”

Биздин редакциябызга (Аlakan.biz) ИИМде иштеген мыкты офицерлер, мыкты жоокерлер тууралуу маалыматтар байма-бай келип турат. Бу жолу Баткендеги 707-аскер бөлүгүнүн Көк-Таш айылындагы өзүнчө ротасынын командири Айбек Маматов жөнүндө Канат Мажиевдин жазганы келген экен, Мекен кызматындагы офицердин таржымалын окуп коюңуз… 

“Аскериң аз болсо, жоокериң мыкты болсун”

Белгилүү акын Расул Гамзатовдун: “Өлкөң кичине болсо, замбирегиң чоң болсун” деген учкул сөзүн: “Аскериң аз болсо, жоокериң мыкты болсун” деп түшүнсөк да болот эмеспи. Биздин ИИМдин ички аскеринде мындай жоокерлер, мыкты офицерлер арбын. Биз сөз кылып жаткан ИИМдин Ички аскерлеринин Баткен шаарында жайгашкан 707-аскер бөлүгүнүн Көк-Таш айылындагы өзүнчө ротасынын командири Айбек Маматов жаштайынан Мекенди коргоого бел байлап, аскер кызматынын ысык-суугуна чыдап кызмат өтөп келет. Ал 18 жашында аскердик окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагандан бери Мекенге кызмат өтөп келүүдө.

Айбек Баткен шаарында карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Балалыгы өзү туулуп-өскөн Баткен шаарында өткөн. Каарманыбыздын ата-энеси өмүр бою өз ак эмгеги, адал иши менен эл оозуна алынып, кадыр-баркка жеткен адамдар болушкан. Алар балдарын да ак эмгекке үйрөтүп, чыйрак болууга, сабактарын жакшы окуп, терең билим алууга үндөп, бекем тартипти талап кылышкан. Балалыгын эскерген каарманыбыз үйдүн кенжеси болгондугун, ата-энеси Айбекти, келечекте кандай кесипти тандабасын, эң башкысы, жакшы адам болууга, эл уулу атанып, чын дилден кызмат кылууга тарбиялаганын айтат. «Менин тандаган кесибимди ата-энем ар дайым колдоп, дем-күч берип, шыктандырып эмгеги менен элге алынган инсандарды үлгү кылып көп айтчу эле. Ата-энемдин ушул сөздөрүнөн кийин чыныгы эр жигитке тиешелүү сапаттарды аскер кызматынан көрө алдым жана аскердик кесипти аркалап мекен коргоочусу болууну самадым. Бир үйдүн кичүүсү болгондуктан, оюмдагыны бербей эрке өстүм. Баштаган ишимдин акырына чыкмайынча жай албаган өжөрлүгүм бар эле, өжөрлүктүн арты менен аскер адамы болуп калдым деп ойлойм», — дейт Айбек.

Жаштайынан аскердик форма кийүүгө кызыгып, мекен коргоочусу болсом деген кыял менен чоңойгонун, мектепти аяктаган соң ой-кыялдарды ишке ашырууну көздөп, 2009-жылы Бишкек шаарындагы К.Үсөнбеков атындагы жогорку аскер институтуна тапшырат. Аны 2013-жылы ийгиликтүү аяктап, лейтенант наамына ээ болуп, алгач иш жолун ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан 718-аскер бөлүгүндө взвод командири болуп кызмат өтөп баштайт. Алган билимин жумшап жоокерлерди мекенчилдикке тарбиялоону улантат. Аскер кызматкери, кайсы жакка буйрук берилген болсо, ошол жакта кыйшаюусуз ишин улантышы шарт эмеспи, Айбек да Шамалды-Сай шаарчасында жана Ош шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрдө ар кандай кызмат орундарда кызмат өтөйт. Өз ишинде такшалып, кызматтык тапшырмаларды өз убагында аткарып иши менен өзүнүн мыкты жактарын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө ИИМдин Ички аскерлеринин Баткен шаарында жайгашкан 707-аскер бөлүгүнүн Көк-Таш айылындагы өзүнчө ротасынын командири болуп эмгектенип келет.

Айбек ар дайым жоокерлерге «Мекенге кызмат кылуу эр жигиттин эң башкы милдети» экенин баса белгилейт. Ар дайым ишине жоопкерчилик менен мамиле кылып эртең мененки жумушту өздүк курам менен биргеликте баштап, таңкы дене тарбиялык машыгууларды чогуу аткарып, чогуу машыгат. Жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын, муктаждыктарын, жаткан жайларын, тамак-ашынын даярдыгын жана сапатын текшерип, жогорку командачылыкка билдирме жасап, ал жактан тапшырмаларды алып, аларды токтоосуз тез аткарууга аракет кылат. Андан кийин иши күн тартибинин негизинде уланат. Өзгөчө көңүл күжүрмөн даярдык сабактарын жогорку деңгээлде өтүүгө жана кайгуул кызматын сапаттуу уюштурууга багытталат. «Кызматыбыздагы эң негизги тапшырмалардын бири болуп, Мамлекетибиздин бүтүндүгү, жарандарыбыздын коопсуздугу жана мамлекеттик-стратегиялык жайларды кайтаруу болуп саналгандыктан, ар бир аскер кызматкерден кыраакылыкты, эр жүрөктүүлүктү, жогорку аскердик тартипти жана мыйзамдуулукту бекем сактоосун талап кылабыз», — дейт каарманыбыз.

Тажикстан менен чектеш аймакта…

718-өзүнчө ротасы Тажик Республикасы менен чектеш аймакта жайгашкандыктан, ар кандай курч кырдаалдарды жөнгө салуу жана тиешелүү аймакта мыйзамдуулукту сактоо боюнча иш алпарып келишет. Мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөө үчүн чек ара кызматы менен биргеликте Мекен үчүн
чеп болууга болгон күч-аракеттерин жумшап келишүүдө. Ишине жан дүйнөсү менен берилип, ак кызмат кылган Айбек Аскердик кызматты мамлекеттик кызматтардын ичинен өзгөчө кызмат болуп эсептелерин, мекен үчүн ант берген ар бир аскер кызматкерине чоң жоопкерчилик артылаарын айтат. “Эң негизги милдетибиз мамлекеттин бүтүндүгүн, жарандардын коопсуздугун сактоо баарынан кымбат экенин баса белгилеп өздүк курам ар кандай жагдайларга даяр болуусу үчүн аскердик тартипти жана күжүрмөн даярдыгын арттыруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоосу керек. Балалык кезимден баштап атам мени сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, жеңилбестикке үйрөттү. Аскердик институтта окуп жүргөн кезимде бизди окуткан мугалимдер кыйынчылыктарды ар кандай тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө үйрөткөндүгү үчүн жашоодо да кызматта да кыйынчылыктарды көтөрө билүүгө үйрөнгөнбүз” – дейт маектешим. Улуу полководец Суворовдун: “Окууда канчалык кыйын болсо — согушта ошончолук жеңил болот” деген сөзүн девиз катары колдонуп, жоокерлерге сабактар жана машыгуулар байма-бай өткөрүлүп тураарын айтат. «Генерал болууну каалабаган жоокер, жоокер эмес» дегендей, каарманыбыздын да «Келечекте элиме кылган кызматым менен алынсам» деген үмүтү бар экенин, анан да: “Кыргыз элимди акыркы демиме чейин коргоп, коопсуз өлк ө кылып сактоо менин атуулдук милдетим” деп сезээрин айтат.

Айбек үй-бүлөлүү. Жубайы Айнура экөө бир уул, бир кызды тарбиялап келишет. Айнура кесиби боюнча медайым, учурда, балдары кичирээк болгондуктан, аларды карап, жолдошунун тылын бекемдеп үйдө. Айбектин болсо, үй-жайга караганга убактысы аз, бут чечип эркин отурууга да жетишпей калат. Жоокердик турмуштун шарты ушундай, кандай убак болбосун, кандай шартта болбосун кызмат үчүн даяр болушу милдет.

Айбек: “Мекен чегинде турган адам эл-журтунун, жакындарынын баркын, баасын жакшы билет, берген
антыбызды курулай сөз менен эмес иш менен көрсөтсөк деген тилегим бар”,- деп оюн жыйынтыктады.

Канат МАЖИЕВ

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.