МАМКАТТОО: «Жаңы паспорт апрелде бериле баштайт, аны менен виза алуу кыйла жеңилдейт»

МАМКАТТОО: «Жаңы паспорт апрелде бериле баштайт, аны менен виза алуу кыйла жеңилдейт»

Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорту келерки жылдын апрель айынан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда, Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасынын орун басары Тилек Батырканов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы паспорттун бир бетине Жарандык авиация боюнча эл аралык ICAO (International Civil Aviation Organization) уюмунун талаптарына жооп берүүчү атайын жабдык гана көрө ала турган атайын чип орнотулган. Ал чип менен чет өлкөлөргө виза алуу бир топ жеңилдейт. Жаңы паспорт дизайнында Кыргызстандын ар бир облусунун символу болгон элементтер менен катар кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын, архитектурасынын, тарыхый эстеликтеринин сүрөттөрү камтылган.

«Паспорттун алгачкы үлгүлөрү Кыргызстанга келип түштү. Эми биз Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте аны легализациялоо боюнча жумуштарды аткарабыз. Кыргызстандын жарандары 2021-жылдын апрель айынан баштап жаңы үлгүдөгү паспорт ала баштайт», — дейт Т.Батырканов.

Биометрикалык паспорт бланктарын Кыргызстанга германиялык «Мүлбауэр» («Mühlbauer ID Services GmbH») компаниясы даярдап берет. Мамлекеттик каттоо кызматы бул ишкана менен ушул жылдын 29-майында келишим түзгөн. Электрондук паспортторду даярдоо боюнча түзүлгөн үч жылдык келишимге ылайык, «Мүлбауэр» 1,5 миллион бланк чыгарышы зарыл. Ишкана бул кызматы үчүн 655 миллион 645 миң сом сунуш кылган.

Чет мамлекеттерге чыга турган жалпы жарандык паспорт биометрикалык үлгүдө болбогондуктан, АКШ администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.