“MegaCom” жетекчисинин кеңешчиси Жунусбеков үгүт ишине кетти. Ал боюнча БШК эмне дейт?

“MegaCom” жетекчисинин кеңешчиси Жунусбеков үгүт ишине кетти. Ал боюнча БШК эмне дейт?

“MegaCom” уюлдук компаниясынын башчысынын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков эмгек өргүүсүнө чыкты. Жаңы дайындалган кеңешчи президенттикке талапкер Садыр Жапаровго үгүт жүргүзүү үчүн Талас облусуна кеткенин “Mегакомдун» басма сөз кызматы тастыктады. Алардын маалыматына караганда, Төрөхан Жунусбеков эмгек өргүүсүнө 14-декабрда чыккан.

Бул боюнча БШК эмне дейт?

Белгилей кетсек, буга чейин Т.Жунусбеков «Фейсбуктагы» баракчасына Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусундагы сүрөтүн жарыялап, шайлоо алдындагы үгүтүн жазган. «Бул мыйзам бузууга кирет» деп БШК текшерүүгө алып, мамлекеттик компаниянын кызматкери белгилүү бир талапкер үчүн акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүндө үгүт жүргүзүүгө укугу жок экендигин билдирген. Бирок, «эгерде кызматкер эмгек акысы жок өргүү алуу жөнүндө арыз жазган болсо, анда эч кандай мыйзам бузуулар жок» деп да кошумчалашкан…

Эске сала кетсек, “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси болуп 8-декабрда дайындалган. Ага чейин ал, октябрь окуяларынан кийин, Бишкек шаарынын мэри болуу ниетин билдирип, ал ниетинин ишке ашышына аракетин да катуу жасагандай болду эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.