“Өспүрүм-түн” кароосуз, максатсыз көчөдө жүргөн 69 өспүрүмдү ата-энесине өткөрүп берди

 “Өспүрүм-түн” кароосуз, максатсыз көчөдө жүргөн 69 өспүрүмдү ата-энесине өткөрүп берди

Ош облусунун аймагында “Өспүрүм-түн” аталыштагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 21-декабрда, билдирди.

Алардын айтымында, Ош облусунун аймагында кароосуз калган өспүрүмдөрдү жана жашоо-турмушу
начар үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында Ош ОИИБнин жашы жете электер иштери инспекциясынын инспекторлору тарабынан “Өспүрүм-түн” аталыштагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Рейддин биринчи күнүндө түнкү убакытта ата-энесинин же алардын камкордугун алмаштыруучу адамдардын коштоосусуз кароосуз, максатсыз көчөдө жүргөн 69 жаш өспүрүм аныкталды. Ал жаш өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, балдар ата-энелеринин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.