Улан НИЯЗБЕКОВ: «Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар тыкыр иликтенет»

Улан НИЯЗБЕКОВ: «Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар тыкыр иликтенет»

ИИМ алдына ар бир мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү так тапшырмалары коюлганын жана шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар тыкыр иликтенээрин министр Улан Ниязбеков онлайн жыйында билдирди. Жыйынга министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышып, шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого толук даяр экендигин билдиришти. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 21-декабрда, билдирди. 

Алардын айтымында, министр шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгилеген.

Биздин алдыбызга так тапшырмалар коюлду — ар бир бузууларга тез арада чараларды көрүү. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурстарды жана башка мыйзам бузууларды пайдаланууга жол берилбейт. Милиция мыйзамга каршы аракеттерге бөгөт коюп, мыйзамга ылайык ыкчам чараларды көрүп, алдына коюлган тапшырмаларды так аткарыш керек. Мен өлкөнүн жарандары үчүн ички иштер органдарынын натыйжалуу ишинин маанилүүлүү экендигин белгилеп кетким келет. Ошондуктан, милициянын алдына коюлган шайлоо багытындагы тапшырмаларды анын ичинен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү актуалдуу тапшырмаларды чечүү боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырам”, — деди Улан Ниязбеков.

ИИМ эскертет жана шайлоону камсыздайт

Ошондой эле ИИМ жеке жана юридикалык жактарды шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамды так сактоого, шайлоо алдындагы мыйзамсыз үгүттөө иштерине жол бербөөгө чакырып, добуштарды сатып алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Ар бир шайлоо тилкелерине милиция кызматкерлери менен жооптуу кызматкерлер бекитилген. 11 000 милиция кызматкери 2420 шайлоо тилкесинде коомдук тартип менен коопсуздукту, шайлоо бюллетендерин жана аларды даярдоо учурунда сакталышын, шайлоо тилкелерине коопсуз жеткирилишин жана убактылуу кармоочу жайда кармалган жарандардын шайлоого катышуусун камсыздайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.