ВИДЕО — 100 миң сом пара алып жаткан жеринен милиционер кармалды

ВИДЕО — 100 миң сом пара алып жаткан жеринен милиционер кармалды

Чүй ОИИБнин ыкчам кызматкери Р. Б. жүз миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Алардын маалыматына караганда, Финполго Т.Б. аттуу адам милиция кызматкери андан 3 миң доллар пара талап кылып жатат деп арыз менен кайрылган. Ошол арыздын негизинде, кечээ, 21-декабрда, Финпол кызматкерлери ИИМдин Ички тартип кызматы менен биргеликте атайын операция жүргүзүп, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милиционер Р.Б. кармалган. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.