Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип эстрада ырчысы камалды

Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип эстрада ырчысы камалды

Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип белгилүү эстрада ырчысы Жасур Умиров камалды. Бул тууралуу Өзбекстандын ММКсы жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, ырчыга карата 9-октябрда “Жабырлануучунун алсыз абалынан пайдаланып зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Бирок, андан эч жыйынтык чыккан эмес. Жабырлануучу адвокаты менен бирге облустук прокуратурага кайрылып, кылмыш иши жакшы иликтенбей жатканына нааразылык билдиришкен. Доо арызды Самарканд облусунун прокурору Р. Машарипов карап чыгып, кылмыш иши облустук прокуратуранын көзөмөлүндө экенин, жакында сот чечими чыгарын айткан. Чогулган далилдердин негизинде, 21-декабрда сот шектүүгө айып тагып, камакка алуу чечимин чыгарган.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.