Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Эл башы болуу — оюнчук эмес. Бир эле шайлоочуң болсо да аны сыйлаш керек»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Эл башы болуу — оюнчук эмес. Бир эле шайлоочуң болсо да аны сыйлаш керек»
Белгилүү акын, котормочу, журналист Жыргалбек Касаболот «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу президентикке талапкерлердин кулагына күмүш сырга «такты». Ал төмөндө:
Эр жигиттин сөзү өлгүчө өзү өлсүн.
(Кыргыз макалы).
Саясатчылар үчүн жөнөкөй адамдык сабактар:
1) Эл башы болуу — оюнчук эмес. Аттангандан кийин БИР ЭЛЕ шайлоочуң болсо да ошону сыйлаш керек. БИР шайлоочуң үчүн болсо да аягына чейин барыш керек. БИР добуш алсаң да өзүң үчүн билип койгон жакшы. Анткени ошол БИР шайлоочу дагы — корооңдогу мал же чөнтөгүңдөгү шарик эмес, өз дүйнөсү бар тирүү АДАМ. Балким дүйнөсү сеникинен кем эмес, ар бириники.
2) Саясатка аттангандан кийин сага ишенгендер менен кеңешпей туруп бирөө менен жеке өзүң сүйлөшүү — ЭЛДИ МАЛ КАТАРЫ көрүүгө тете. Анткени эл сага ишенген, башкага ишенген эмес. Сен сүйлөшкөн кишиге ишенген эмес же тескерисинче жек көргөн болушу мүмкүн. Анда бул чыккынчылыктын эле бир түрү болот.
3) Сүйлөшүп алып чечсе боло турган маселе үчүн шайлоого аттанып кереги жок. Бул сен бараткан Жолдун кадырын кетирет.
Ушул үч сабак дегеле эгемен Кыргызстандын саясатында жүргөндөрдүн көбүнө тиешелүү.
О, жолуң болгурлар…

«Талапкерге бирден ат, тартуу кылган «сыр» чыкты»

Аймактарда ар бир талапкерге ат тартуулап, мингизмей «салты» башталды. Жыргалбек Касаболот аны да чымчып өттү.
Карагайдан зым чыкты,
Кагып айткан сын чыкты.
Жылаңачтап тизесин
Жыртып кийген шым чыкты.
Талапкерге бирден ат
Тартуу кылган «сыр» чыкты.
Ким жапса да үртүктү,
Айтор,
«Кийими бар» ат минип
Кийинкилер тың чыкты.
Алың жетсе ар бириң Манас болгун!

Көкүрөктө жаралган көпөлөктүн,
Көп жыл бою канатын көкөлөттүм.
Оюм өстү. Опол тоо боюм өстү.
Ошентсе да Эр жетип өсө элекмин.

Мен жетилбей, мага окшоп сен жетилбей,
Мезгил өттү эл күткөн эр жетилбей.
Мээлеп жүргөн коңшунун жеми болуп
Мекенибиз өксүүдө тең жетилбей.

Көптү билдим, көп иштер себеп болду,
Көк Асаба көөдөнгө желек болду.
Бүгүн мага калдыркан канаты эмес,
Бүркүттөрдүн канаты керек болду.

Көкөй кесип эл-жердин таланышы,
Көздөн учту Көкжалдын жаралышы.
Кыл чайнашкан, кылычтын мизиндеги
Кыргыз үчүн кыйчалыш заман ушу.

Улуу сөздү унуткан уландарым!
Уучу толсо уурудай кубанганым,
Уйпаланган токолдой жалдырабай
Улуу жолго бет алчы, суранганым.

Тура бербей бир нерсе кылыш керек!
Туура жолго тумандан чыгыш керек.
Шибегенин учу эмес, бүгүн бизге
Шилтегени мүрт кеткен кылыч керек.

Асылдыкты таркаткан үрөнүндө,
Азаматтын жетилген түнөгүндө,
Айкөл Манас абалкы күмбөздө эмес,
Ар бириңдин мекенчил жүрөгүңдө.

Алпкаракуш шилтеген канат болгун,
Артыңдагы балдарга сабак болгун.
Арбактарга милдетиң арта бербей
Алың жетсе ар бириң Манас болгун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.