ФОТО — Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 70тен ашуун сүрөт көргөзмөсү Өзбекстанда ачылды

ФОТО — Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 70тен ашуун сүрөт көргөзмөсү Өзбекстанда ачылды

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата Ташкентте сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Алардын айтымында, Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилиги Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Өзбекстандагы Элдик Дипломатия Борбору менен биргеликте Ташкенттеги сүрөттөр үйүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү кечээ, 22-декабрда уюштурулду.

Ачылыш аземине Өзбекстандын көркөм Академиясынын, Өзбекстан жазуучулар Союзунун, Ташкенттеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ШКУнун Элдик дипломатия борборунун директору Кобилжон Собиров, Элчиликтин Биринчи катчысы Азамат Алманбетов, Өзбекстандын Улуттук университетинин алдындагы «Чынгыза Айтматов» борборунун башчысы Ахмаджон Мелибоев, Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Рахматулла Жаббаров жана «Өзбекстан-Кыргызстан» достук коомунун аткаруучу директору Зухриддин Исомуддинов катышып, сөз сүйлөштү. Иш-чарага катышкан конокторго Элдар Айтматов видео аркылуу кайрылып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле элчилик да келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, эки мамлекеттин ордосунда достук, ынтымак арта беришин баса белгиледи.

Элдар Айтматовдун үй-бүлөлүк архивинен алынган 70тен ашуун сүрөт көргөзмө 2021-жылдын 22-январына чейин уланат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.