«Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеген Мирлан Бакиров вице-спикерликтен кетти

«Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеген Мирлан Бакиров вице-спикерликтен кетти

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кызматынан кетти. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирип, өз каалоосу менен кызматын тапшырарын айтты.

Буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Мирлан Бакиров вице-спикерлик кызматынан өз каалоосу менен кетип жаткандыгы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан.

Эске сала кетсек, Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган. Ал быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен катышкан. Ал жетектеген партия шайлоодо көп добуш алган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон коомчулук эртеси митингге чыккан. 6-октябрда чукул бийлик алмашып, парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.