Салават уулу АДИЛЕТ: «Мамлекетте туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда милициянын мээнети зор»

Салават уулу АДИЛЕТ: «Мамлекетте туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда милициянын мээнети зор»

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун 2-ротасынын милиционери, милициянын старшинасы Салават уулу Адилет тууралуу жазылган макала менен сүрөттөрү биздин редакцияга (Alakan.biz) келип түштү. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыздар. 

Ата Мекенге, элине кызмат өтөө канчалык абройлуу жана сыймыктуу милдет экендигин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн ар бир милиционер жакшы түшүнөт. Жолдоштору менен кошо өлкөнүн аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту, элинин бейпил жашоосун камсыздап кынтыксыз кызмат өтөп жүргөндөр бул — тартип сакчыларыбыз десек жаңылышпайбыз. Алардын бири милициянын старшинасы Салават уулу Адилет. Ал ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун 2-ротасынын милиционери. Ысык-Көл облусунун кулуну. Үй-бүлөлүү.

Салават уулу Адилеттин милицияда кызмат өтөгөнүнө 5 жылдын жүзү болду. Ал өз ишин мыкты өздөштүрүп, кызматын так аткарып, келечекте көптү үмүттөндүргөн кызматкерлердин катарын толуктап келет.

Ички иштер органдарында иштөө, анын ичинен өзгөчө ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда кызмат өтөө баарынын гана колунан келе бербейт. Анткени, атайын багыттагы полкто физикалык жактан даярдыгы мыкты, моралдык жана психологиялык жактан туруктуу, күн-түн дебей кызматта болууга даяр, чыдамкай, өжөр адамдар гана иштей алат. Ал үчүн бул кызматты сүйүп, алдыда күтүп жаткан чоң жоопкерчиликти жана түйшүктү сезе билүү керек”,-дейт Адилет.

Салават уулу Адилет Ысык-Көл облусунун Тоң районунда балалыгы өтүп, «жаштын тилегин берет» дегендей милиция кызматкери болоорун ошондо эле чечип койгон. Ал жогорку окуу жайды аяктаган соң, ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда кызмат өтөөгө киришип, балалыгындагы кыялын ишке ашырган.

Мен милицияда иштегениме сыймыктанам. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, милицияда кызмат өтөп, бүт өмүрүмдү элиме ак кызмат кылууга арнасам дейм”,-дейт Адилет.

Маектешим учурда КРнын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясында сырттан окуу факультетинде окуп жатат. Ийгилик каалайбыз!

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.