13 жашар кызды зордуктагандарды сот актап салган маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү…

13 жашар кызды зордуктагандарды сот актап салган маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү…

Бүгүн, 24-декабрда, парламент «Үй-бүлөлүк зомбулуктан көзөмөлдөө жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча Өкмөттүн маалыматын укту. Бул маселе боюнча вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева маалымат бергенин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, талкуу маалында депутат Айсулуу Мамашова жашы жете элек балдарга карата жасалган зордук-зомбулук жагдайларынын саны азайбай жатканына токтолуп, Токтом шаарында өгөй атасы тарабынан зордук-зомбулукка кабылган кыздын окуясына көңүл бурган.

Ал эми депутат Алмазбек Токторов Тоң районунда 13 жашар кызды зордуктагандарды сот актап салганын эске салып, аталган сот журналисттерге чечимди ички ынанымына карап кабыл алганын айтып бергенине токтолгон. «Соттор ички ынанымына таянып чечим чыгарышы керекпи? Сот тутумун реформалап, люстрация жүргүзүлүшү керек. Антпесек, соттор мындай чечимдерди кабыл ала берет», — деген Токторов.

Жабырлануучу да, ата-энеси да соттун чечимине нааразы…

Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13 жаштагы (2005-жылы туулган) мектеп окуучусу жергиликтүү үч тургундан бир нече жолу зордуктоого кабылып, шектүү катары 3 киши кармалган. Бирок, анын экөөсүн судья Сабыр Соодонбеков актап салганын жергиликтүү ЖМК жазып чыккан эле. Алардын айтымында, сот анын бирин декабрдын башында сот залынан бошотсо, экинчисин 11-декабрда актаган. Соттун мындай чечимине жабырлануучу да, ата-энеси да, коомчулук да нааразы…

Ал эми акталган адамдардын туугандары болсо, сот Сооданбековго ырахматын айтып, алкап жатышыптыр… Ошентип, көчөт кыздын тагдырын талкалагандардын иши боюнча маселе ачык бойдон калууда… Сот Сооданбековдун сот учурундагы жүрүм-туруму, чечим чыгаруусу боюнча дагы кенен сөз болот…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.