Баатырларча курман болгон Үмүтбектин чоң атасы, Адинайдын тайэнеси түлөөгө келип, неберелеринин Дипломун алышты

Баатырларча курман болгон Үмүтбектин чоң атасы, Адинайдын тайэнеси түлөөгө келип, неберелеринин Дипломун алышты
«Жалпы элдик түлөө-2020. Жалпы элдик тилөө-2021» аталышта бүгүн, 24-декабрда, «Дасмияда» түлөө өтүп,  ага 500дөй адам катышты. Алгач пандемияда каза болгон маркумдарга куран окутулуп, эскерилди…
Коронавирус убагында өз өмүрүн өлүмгө сайып, элге жардамын аябай баатырларча курман болгондорго «Элдин чындыгы үчүн күрөшүүдө эрдик көрсөткөндүгү үчүн» жасалган Диплом маркумдардын туугандарынын колдоруна тапшырылды.

Бүгүнкү өткөн түлөөгө салымын кошкон Бакай Өмүралиев болсо, аны уюштургандар: Дөөлөт Сыдыков, Элнура Кулуева, Аманбол Бабакулов жана Ырыс Окенова.

Элнура КУЛУЕВА: «2021-жылы кыргыз элине улуу жакшылыктар келсин!»

Уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева: «Түлөө-Тилөө… Түлөө менен тилөө бир гана тамга менен айырмаланса деле эки бөлөк чоң маанини камтыйт. «Түлөө» деген эски нерсени таштап, андан бошонуп, жаңы «териге» — жаңы жашоого ээ болуу деген тилекти камтыйт. «Жакшы тилек – жарым ырыс»  дегендей, бүгүн бүтүн эли-журтубуз алакан жайып, амандыкты тиледи, кабыл болсун! «Жамандыкты амандык жеңет» дейт акылман кыргыз. Оңололу, тазалануу жолуна түшөлү. Кыргыз элине 2021-жылы улуу жакшылыктар келсин!«, — дейт.

Бүгүнкү иш-чарага Үмүтбектин чоң атасы, Адинайдын тайэнесин келип, неберелеринин Дипломун алып, батасын беришти.

Пандемияда эрдик көрсөтүп, көз жумган Адинай Мырзабекова

Эсиниздерде болсо керек, Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеген — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Адинай Мырзабекова 13-июлда кечке жуук каза болгон. Жакындарынын айтымында, жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” бир команданын курамында 11 күн иштеген. Анын бейажал өлүмүнө пневмония (бейтаптардан вирус жуктуруп алганы) себеп болгон. Андагы президент Сооронбай Жээнбеков Адинайдын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, 15-июлда «Эрдик» медалын ыйгаруу жарлыгына кол койгон.

Митингдеги кагылышууда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбек

5-октябрь түнү Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтындагы митингдеги кагылышууда 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбек каза болгон. Кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда, Үмүтбектин буту катуу жанчылып, оор жаракат алып, көп узабай ооруканадан көз жумган. Маркумдун сөөгү 8-октябрда, тууган жеринде — Баткен облусундагы Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилген.

Жаштыгына карабай, баатырларча курман болгон Адинай Мырзабекова менен Алтынбек уулу Үмүтбек элдин эсинде эрдиги менен, өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет.

Түлөө-Тилөө

Түлөөнүн аягында бата тилөө болду. Ак элечекчен апалар, ак калпакчан аталар келе жаткан Жаңы Жыл жакшылыктын жылы болсун деген тилектерин айтып, ак батасын беришти.
Түлөө кабыл болсун!
Ак бата кабыл болсун!
Кыргызстандан жамандык алыс болсун!
Бардык ишке бир Кудайым калыс болсун!
Асманыбыз ачык, жолубуз жарык болсун!

Түлөөнүн тарыхы…

Түлөө — курмандык чалып Кудайдан ырайым тилеген ырым-жырым.

Түлөө берүү жакшылыкты тилөө — эл-журттун, бала-чаканын аман-эсендигин, жаратылыш кырсыктарын болтурбоону, оору-сыркоодон сакайганда, жоголгон адам аман-эсен табылгандыгына, кырсыктан аман калганда, жаңы тууган (эмчектеш) күткөндө жана башка жагдайларда берилген. Түлөөгө мал союлган, тогуз токоч жасалган, боорсок бышырылган.

Түлөө — тарыхый ырым-жырым. Мисалы, «Манас» эпосунда Манас Алмамбет менен эмчектеш тууган болгондо садагага сары улак союп, башына кызыл алтын, дилдеден чачыла кылат, челек-челек май эритип, анын башынан айлантып тайган иттерге берет. Кийин койдун эттерин Алмамбеттин башынан айлантып, канаттууга чокутуп дагы садага кылат. Аягында Алмамбеттин үстүндөгү кийимин бир сыйра жаңылатып, эскисин карыптар алат. Анан чоң той берет.

Түлөө берүү салты бүткүл дүйнө элдеринин тарыхында, санжыра-салтында ар кыл мүнөздө орун алып келген көрүнүш. Биздин элде Алла таалага кайрылып, дуба кылып, ырайым сурап түлөө берүү илгертен жашап келет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.