ГЕНПРОКУРАТУРА: «Жапаровдун жолугушуусуна мугалимдерди мажбурлап алып барды» деген маалымат чындыкка дал келбейт»

ГЕНПРОКУРАТУРА: «Жапаровдун жолугушуусуна мугалимдерди мажбурлап алып барды» деген маалымат чындыкка дал келбейт»

“Садыр Жапаровдун жолугушуусуна мугалимдер менен тарбиячыларды мажбурлап алып келишти” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«19-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров Кара-Суу районундагы мектептердин мугалимдерин Ош шаарынын борбордук стадионунда шайлоочулар менен жолугушууга катышууга мажбурлаган» деген кайрылуусу боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы текшерүү жүргүздү. Текшерүү учурунда, З.Бабур атындагы мектебинин 4 мугалими менен маектешүү жүргүзүлүп, алар эч кандай мажбурлоо болбогонун, жолугушууга өз каалоолору менен барганын айтып беришкен«,-деп жазылат маалыматта. 

Ошондой эле Башкы прокуратура «Мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери Садыр Жапаровду коштоп жүрөт» деген маалыматты да четке кагып, ал маалымат да тастыкталбаганын билдирди.

Эске сала кетсек, “Садыр президент” деген жазуу менен чыптама кийгендер Мамлекеттик күзөт кызматынын 9-башкармалыгынын кызматкерлери болушу ыктымалдыгы айтылып, сүрөттөрү менен социалдык тармактарга тараган. Ошондой эле «Садыр Жапаровдун жолугушуусуна мугалимдер менен студенттерди мажбурлап алып барышууда» деген да маалымат Интернетке тарап, кызуу талкууланган. Бул факт боюнча БШК ИИМ менен Башкы прокуратурага билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.