«Матраимовдун батирлерин балдар үйүнө берүүнү сунуштайм» дейт депутат Бешимбаева. А сизчи?

«Матраимовдун батирлерин балдар үйүнө берүүнү сунуштайм» дейт депутат Бешимбаева. А сизчи?

Бүгүн, 24-декабрда, парламент «Үй-бүлөлүк зомбулуктан күзөттөө жана коргоо жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Бул маселе боюнча социалдык блокту тескеген вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Айгерим Бешимбаева Райымбек Матраимовдун батирлерин кризистик борборлорго жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө берүүнү сунуштады. «Райымбек Матраимовдон алынган батирлер эмнеге УКМКнын кызматкерлерине берилиши керек?» деген суроону койду.

Ага Элвира Сурабалдиева: «Бизде УКМКнын чечимине таасир эте алгандай мүмкүнчүлүк жок эмеспи. Балким, депутаттар кайрылса алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк болмок. Эгер берип калса, кубануу менен балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө бөлүп бермекпиз. Азыр иш тергөөдө турат. Бизди угуп жаткан УКМК кызматкерлери бул тууралуу ойлонуп көрсө керек деп ойлойм«, — деди.

ТАШИЕВ: «Матраимовдун 8 батирин УКМК кызматкерлерине беребиз»

Ушул эле күнү (24-декабрда) УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев пресс-конференция өткөрүп, Райымбек Матраимовдун мамлекетке өткөрүп берген тогуз батиринин сегизи УКМК кызматкерлерине таратылып берилээрин айткан.

«УКМК өтө кыска аралыкта бажы органдарындагы коррупциялык схемаларды жок кылуу, Матраимовдун күнөөсүнө байланыштуу маанилүү далилдерди алуу боюнча абдан чоң иш жасады. Далилдер Матраимовдун күнөөсүн моюнга алышына, тергөө менен кызматташып, толук көмөктөшүүсүнө жана кылмыштын башка да катышуучуларынын жүзү ачылуусуна себеп болду. Соода борборун биз мамлекетке өткөрүп берели деп жатабыз, мамлекет кирешесин ала берет. Ал эми тогуз батирди УКМКнын кызматкерлерине калтырып жатабыз. Ал батирлердин биринин аянты чоң, болжол менен 250-280 чарчы метр. Албетте, андай батирге биздин кызматкерлер жашай албайт. Биз аны Балдар үйүнө же башка бир социалдык мекемеге өткөрүп берели деп жатабыз«, — дейт К.Ташиев.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.