Тагдыр жолу аскер кызматына алып келген Замира Ибраимова

Тагдыр жолу аскер кызматына алып келген Замира Ибраимова

Ары жооптуу, ары кооптуу кызматта эмгектенип келаткан ИИМдин кызматкерлери тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы биздин редакцияга (Alakan.biz) жиберип турат. Бул жолку алардын каарманы — Замира Ибраимова.

Адам тандап алган кесибинин чыныгы ээси болуу үчүн талыкпай аракеттенип, үзүрлүү эмгектенүүдө гана ийгиликке жетет эмеспи. Максат – кесипти туура тандоо жана умтулуу… Бала кезинен кыялданган
кесибине умтулуп, жогорку билимди да алып бирок, турмуштун шары менен дейбизби же мүнөз жөндөмүнөнбү, айтор, башка кесипти аркалап, турмуш жолу башка нукка бурулуп, өзүнүн жөндөмүнүнө ишенип аскердик кызматты тандаган маектешибиз ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн техникалык бөлүмүнүн иш алып баруучусу, улук прапорщик Ибраимова Замира жөнүндө болмокчу.

Каарманыбыз 1974-жылы Талас облусунун Май айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы мугалим болгондуктан уул-кыздарынын билим алышына катуу талап коюп көзөмөлдөп, келечекте кайсы кесипти тандаары жөнүндө кеп-кеңештерин берчү экен. Мектепти ийгиликтүү аяктаган каарманыбыз ата-энеси менен кеңешип, элдин саламаттыгына кызмат кылууну чечип, борбор шаардагы «Медициналык училищага» тапшырат. Окуу жайды аяктаган соң, тагдыр буйруп, Ички иштер министрлигинин бейтапканасынын тиш дарылоо бөлүмүндө мээрман айым болуп ишин баштайт. Жан дилинен тандап алган кесиби болгондуктан ишине берилүү менен иштеп, жардам сурап кайрылгандарга жардамын берип, сакайгандарды көрүп кубанат.

Адамга 70 өнөр да аздык кылат эмеспи, каарманыбыз дагы өнөр үйрөнүп дагы билим алсам деп самайт. Бирок, негедир турмушта лирикалык чегинүү жасап иштеген ишине, өзү самаган кесибине коошпогон тармактан билим алууну көздөп, экономика тармагынан билим алууну чечет. Бул окуу жайын да аяктап, ошол эле өзү иштеген бейтапкананын бухгалтерия бөлүмүндө ишин улантат. Ал жылдары каарманыбыз турмушка чыгат, бактылуу күндөрдүн баяны менен кыздуу да болушат. Жолдошу аскер кызматкери болгондуктан бир жерден экинчи жерге которулуп иштөөсүнө туура келет. Кызы атасын сагынып, кээ бир күнү куса да болуп ооруп калган күндөр болот, каарманыбыз кыздарын атасы менен бирге болуусун ойлоп жолдошу кай жакка которулбасын чогуу болууну чечет. Жогорку билими, иштеген иши болсо дагы үй-бүлөнү тандап, жолдошу кай жакка барбасын бирге болууну туура көрөт. Аял кишини ошон үчүн үйдүн куту дейт эмеспизби. Жолдошунун ишине байланыштуу Аскердик бөлүктөрдө жашагандыктан эртели-кеч сейилдеп   аскер турмушу менен да таанышып өзүнө сиңире баштайт, аскер адамы болууну да кыялданат. Жолдошуна да бул оюн билдирет. Жолдошу кубаттап туура көрүп, ыңгайы келип, кызматка да орношот.

Адам бирөөнү көрүп мен дагы ушундай адам болом деп өзгөрүүнү каалашы мүмкүн, бирок, ал өзгөрүү талыкпаган эмгекти жана эркти талап кылат. Толук ойду ишке ашыруу үчүн убакыт да керек болгондой эле жумуштагы кыйынчылыктарга да чыдоо керек. Ар бир жумуштун өзүнө тиешелүү кыйынчылыктары да болот эмеспи. Каарманыбыз алгач жумушка чыкканын эстеп, аскердик тартипке көнүү кыйынга турганын, бирок жаш кезинен беттегенин бербеген каарманыбыз анын баарын артка калтырып бүгүнкү күндө 12 жылдан ашык кызмат өтөп, бул кызмат жашоосунун бир бөлүгү болуп калаганына сыймыктанат. «Аскер бөлүктө иштегендиктен аскер кызматкери болуп саналабыз. Андыктан ай сайын атайын бекитилген көрсөткүчтөр боюнча зачёт тапшырып турууга туура келет. Чуркоо, ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо, куралдардан атуу, аларды бөлүктөргө бөлүп тазалап кайра чогултуу сыяктуу машыгуулардан өтүп, коомдук тартипти сактоого жана ар кандай кырдаалдарга даяр турууга машыгуулардан өтүп турабыз. Ар бир иштин оор жана жеңил жактары болот. Жумушуңду жакшы билип берилген тапшырмалар так жана убагына аткарсаң, эч кандай оорчулук болбойт» — дейт Замира айым.
Жумушунда такшалып, мекен сакчылыгында кызмат өтөгөнүнө сыймыктанган каарманыбыз бүгүнкү күндө бир уул, эки кыздын апасы. Улуу кызы өзүнчө түтүн булатып, апасын неберелүү кылган учур. Каарманыбыз жумушунда аскер кызматкер болсо үйдө мээримдүү эне, сүйүктүү жар. Мугалим балдарынын мугалим болушун, колунан көөр төгүлгөн уста уулунун уста болушун тилек кылып, өзүнүн жолун улантуучусу катары көргүсү келет эмеспи. Бул үй-бүлө да уул-кыздарына аскер кызматкери катары көргүлөрү келгенин айтышкан. Арийне, ар кимдин тандоосу ар башка тура. «Улуу кызыбыз экономикалык тармактан билим алып бүгүнкү күндө өз кесибин тапты. Экинчи кызыбы дагы экономикалык техникумда окуйт. Андан кийинкиси азырынча кичирээк. Биз балдарыбызды, өздөрүнүн каалоолору менен кесип тандоолоруна макул болдук. Кайсы кесипти тандашпасын, тандаган кесиптери өздөрүнүн көңүлдөрүнө төп келсе болду» — дейт Замира айым.

Канатбек МАЖИЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.