ТАШИЕВ: «Атамбаев миң адамды чогултуп, той өткөрүп жатат. Бул элдин бетине түкүрүү»

ТАШИЕВ: «Атамбаев миң адамды чогултуп, той өткөрүп жатат. Бул элдин бетине түкүрүү»

Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Бишкекте журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолоруна жооп берди. Анда бай ишкер Жалил Атамбаевдин УКМКда иштеген баласына карата кандай чара көрүлгөнү боюнча суроо берилди.

Ташиев ага катуу жаза берилгенин баса белгилеп, буларды айтты: “Өлкө ушундай оор кырдаалда, коронавирус пандемиясында турганда, адамдар начар жашашат. А Жалил Атамбаев эмне кылууда? Миң адамды чогултуп, той өткөрүп жатат. Бул элдин бетине түкүрүү. Мындайга жол бербеш керек! Анын уулу бизде иштейт. Үйлөнгөнү үчүн, биз аны жумуштан кетире албайбыз. Бирок, биз ага катуу жаза бердик. Эми ал жакынкы эки жылда кызматтан көтөрүлүү же башка нерсе кыла албайт. Бул бардык байларга сабак болсун!»

Эске сала кетсек, массалык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө карабай, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, ишкер Жалил Атамбаев 1000ге жакын адамдын катышуусунда Ош шаарында той өткөргөн. Ал факты боюнча текшерүү башталганын УКМК 14-декабрда билдирген.

Жалил Атамбаев деген ким?

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.