ТАШИЕВ: «Чынын айтсам Атамбаевдин ден соолугу начар болуп турат. Эртең барып, кабар алам…»

ТАШИЕВ: «Чынын айтсам Атамбаевдин ден соолугу начар болуп турат. Эртең барып, кабар алам…»

Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Бишкекте журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолоруна жооп берди. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу да суроо берилди.

Ташиев Атамбаевдин ден соолугу жакшы эместигин жашырган жок. «Чынын айтсам Алмаз Атамбаевдин ден соолугу начар болуп турат. Эртең, жума күнү барып, кабар алам деп убада бергем. Эгер зарылдык болсо ооруканага которуу чечимин кабыл алам. Анткени ал саламаттыгын чыңдап алып мыйзам алдында жооп бериши керек. Мен анын башка кылмыш иштерине катыштыгы жөнүндө эч нерсе айта албайм», — деди Ташиев.

Эске сала кетсек, Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Алгач УКМК, анан №1 тергөө абагына которулуп, кайра 47-колонияга которулган. Ал жактан тартылган сүрөтү социалдык тармактарга тарап, талкууга түшкөн… Учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Буга чейин анын адвокаттары ден соолугу начар экенин айтып эле келишкен. Бирок кечээ, 23-декабрда, абалы жакшырып калгандыктан Биринчи май райондук сот отурумуна алынып келинген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.