Камчыбек ТАШИЕВ: «Эгерде туугандарым мыйзам бузса, мыйзам чегинде жооп беришет»

Камчыбек ТАШИЕВ: «Эгерде туугандарым мыйзам бузса, мыйзам чегинде жооп беришет»

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жакындары кылмыш кылса, жоопкерчиликтен кутула албастыгы тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

«Эгерде туугандарыӊыздын коррупцияга аралашканы аныкталса, тергөө ишин баштоого даярсызбы?»,-деген журналисттин суроосуна: «Менин жашоом туугандарыма эмес, мамлекетке, элге арналган. Мен коомго үлгү көрсөтүп жооп беришим керек. Эгерде менин жакындарым, туугандарым, тааныштарым, классташтарым мыйзам бузушса, анда мыйзам чегинде жооп берет. Мен аларды эч кандай жаап-жашырбайм!«, — деп жооп берди К.Ташиев.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.