ТАШИЕВ: «Садыр Жапаров мен үчүн өзгөчө талапкер эмес. Мага бардык талапкерлер бирдей»

ТАШИЕВ: «Садыр Жапаров мен үчүн өзгөчө талапкер эмес. Мага бардык талапкерлер бирдей»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынында, анын кан досу Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлиги тууралуу дагы суроо берилди.

«Садыр Жапаров мен үчүн өзгөчө талапкер эмес. Мага бардык талапкерлер бирдей. Президенттикке талапкерлердин баардыгы бирдей укукка, шартка ээ болушу керек. Садыр ушул өмүрдө тапкан жакшы досум, достугубуз, мамилебиз түбөлүккө болуш керек деген ойдомун. Экөөбүздү бир гана Алла Таалам гана ажыратышы мүмкүн. Эч кандай бийлик, байлык, талаш-тартыш бизди ажырата албайт. Ошентсе да, ал ортодо чагымчылдар “Жапаров менен Ташиев урушуп кетти” деген малыматтарды таратып жатат. Мамилебиз мурдагыдай эле жакшы. Досум элдин колдоосу менен президент болуп шайлоодон өтүп калса, экөөбүз «эли-журтубузга кызмат кылабыз”, “мамлекетибизди башкача кылып түзүп, өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүп, элибизди жакшы жашоого жеткизебиз”  деген тилегибизди ишке ашырабыз ойдомун», – деди К.Ташиев.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам, 5-октябрда бийлик алмашкан. Митингге чыккандар абактагы бир топ саясатчыларды бошотуп жиберишкен. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал президенттин милдетин аткарып турганда досу Камчыбек Ташиевди УКМКны жетекчиси кылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.