57 жаштагы адамдын колу-бутун “скотч” менен байлап сабап, тоноп кеткен топ кармалды

57 жаштагы адамдын колу-бутун “скотч” менен байлап сабап, тоноп кеткен топ кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы карактоого шектүү кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда, ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Бишкек жана Чүй облусунун карактоого шектелген, мурда соттолгон жашоочулары 1987-жылы туулган Ж.уулу Б., 1978-жылы туулган А.Н, 1990-жылы туулган А.А., 1983-жылы туулган Б.С. кармалды. Учурда алар тергөө абагына киргизилип, шектүүлөрдүн башка да кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу текшерилүүдө.

«2020-жылдын 15-декабрында, болжол менен саат 02:30 чамасында, Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 57 жаштагы жарандын үйүнө беткапчан белгисиз адамдар кирип, анын колу-бутун “скотч” менен байлап сабашкан. Үйдү тинтип, накталай 40.000 (кырк миң) сом акча каражатын алып, белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен. Жабырлануучу Россия Федерациясынын жараны болот. Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган» деп жазылган маалыматта.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.