Депутат Өмүрбек Текебаевдин мандаты тууралуу сот болот

Депутат Өмүрбек Текебаевдин мандаты тууралуу сот болот

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкек шаардык сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланыштуу ишти кароо уланат.

Шаардык сот Темирлан Ормуковдун даттанган доо-арызын карайт. Буга чейин, 23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде, «Конституциялык мыйзам бузулган» деген жүйө менен БШКнын Текебаевге кайтарып берген макамын жараксыз деп тапкан.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат»

Соттун мындай чечимин Өмүрбек Текебаев: «Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат»,-деген.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда кайтарып алган. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, ордун партиянын лидерине бошотуп берген. Ал боюнча БШКга арыз жазып, ал канааттандырылган.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралууда…

Ал эми Темирлан Ормуков…

Акын Темирлан Ормуков 2017-жылы, андагы ажо Алмазбек Атамбаевди сындаган ыр жазып, ошого байланышуу айыпталып, камакка алынган. Т.Ормуков Өмүрбек Текебаев негиздеген «Сентябрь» телеканалы аркылуу байма-бай чыгып, маселесин айтып турган. Анын айтымында, «Президенттин ар-намысына шек келтирди» деген негизде КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев милицияга арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде Ормуковду ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Ал 2018-жылы абактан бошотулган эле.

Анан эле, алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары аттанып, мыйзамга ылайык жүйө-себептерден улам өтпөй калган. Аз өтпөй, жылан чакпай, жылкы теппей, кыязы, ниет-кыялы бузулганбы же башка себептер барбы, айтор, «Текебаевдин мандат алганы мыйзам бузгандык» деп райондук сотко арыз менен кайрылып, колдоо тапкан. Бирок, Ормуков административдик соттун ал чечимине да нааразы болуп, шаардык сотко кайрылган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.