Көк жылгаякта жеткинчектердин мелдеши башталды

Көк жылгаякта жеткинчектердин мелдеши башталды

25-26-декабрда Бишкектеги шаардык муз аянтында көркөмдөп муз тебүү боюнча мелдеш өтөт. Жарыш КР Коньки тебүү федерациясына караштуу Көркөм муз тебүү мектебинде машыгып жаткан спортчулар арасында болмокчу.

Мелдешке катышуучулар жаш курагына жараша бир нече топко бөлүнүп, жеткинчектер I, II, III спорттук категория, өспүрүмдөр «Спорт чеберинин кандидаты» даражасы, ал эми кичинекейлер «жаш фигурист» наамы үчүн муз үстүндө чимирилишет.

Аталган мектептин башкы машыктыруучусу Елена Швеймер бул мелдешти фигуристтер чыдамсыздык менен күткөнүн билдирди. Быйылкы жылдын март айына белгиленген иш-чара пандемиядан улам болбой калып, эми өтүп жатканын кошумчалады.

Кененирээк маалымат мелдеш аяктаганда берилет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.