Мелис ТУРГАНБАЕВ: «Балбан Улукбек Жолдошбековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белекке берилди»

Мелис ТУРГАНБАЕВ: «Балбан Улукбек Жолдошбековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белекке берилди»

Балбан Улукбек Жолдошбековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белекке берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттук күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев «Sputnik» агенттигине бүгүн билдирген.

Анын айтымында, эркин күрөшчүлөр кечээ, 24-декабрда, 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ийгилик жараткан балбандарды куттукташкан.

«Улукбек Жолдошбековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белекке берилди. Аны Күрөш федерациясы демөөрчүлөрдүн көмөгү менен тартуулады. Акыркы жылдары Жолдошбеков жакшы ийгиликтерди жаратып келет. Алдыда Олимпиадага лицензия ойнотулуучу мелдештер турат. Ошонун алдында спортчуга мотивация болсун деген ниетте, анын үстүнө жыл жыйынтыгын чыгарган чоң иш-чара да болуп калды, көпчүлүктүн алдында тапшырдык«, — деп билдирген Мелис Турганбаев «Спутникке».

Нарындын  дүйнөлүк рейтингде 8-катарда турган 24 жаштагы кулуну, Кыргызстандын сыймыгы Улукбек Жолдошбеков 2020-жылдын 23-февралында Индиянын Нью-Дели шаарында күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. Анда ал 61 килограммга чейинки салмактагы балбандар менен төрт жолу беттешкен. Алгач казак балбаны Нурболат Абдуалиев (4:1) менен, чейрек финалда ирандык Мажид Алмас Дастанды (4:2) менен беттешип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда индиялык Рахул Баласахеб менен бет келип, 5:3 эсебинде жеңип алган. Баш байге үчүн тажикстандык Мухамад Икрамов менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медаль тагынган.

Биз дагы жаңырган жылда ийгиликтерди каалайбыз, Улукбек!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.