Бүгүн Адахан Мадумаров менен Каныбек Иманалиев беттешет. Кимиси жеӊет?..

Бүгүн Адахан Мадумаров менен Каныбек Иманалиев беттешет. Кимиси жеӊет?..

Бүгүн, 28-декабрда, президенттикке талапкерлердин теледебаты башталат. Бүгүн 6 талапкер беттешет, алар: Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев. 

Таймаш КТРКда, саат 20:00дөн 22:30га чейин болот.

Белгилей кетсек, 14-декабрда БШК президенттикке талапкерлердин теледебатынын мөөнөтүн аныктап берген. 18 талапкер чүчү кулак кармоо менен эки турдун ар бир күнүнө алтыдан бөлүнгөн. Теледебаттар эки тур менен КТРКда (биринчиси — 28, 29, 30-декабрда, экинчиси — 6, 7, 8-январда) өтөт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталды жана добуш берүүгө 24 саат калганда — 9-январда токтойт. Бул күнү Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.