Новиков “Токойдогу жымжырттык” тууралуу айтып, Чэлленжге чиновниктердин активдүү катышуусун суранды

Новиков “Токойдогу жымжырттык” тууралуу айтып, Чэлленжге чиновниктердин активдүү катышуусун суранды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу вице-премьер-министр Артём Новиков Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев узаткан эстафетасын кабыл алганы тууралуу «Facebook» баракчасына жарыялады.
Билим берүү жана илим министринин мага узаткан эстафетасын кубануу менен кабыл алдым! Болгону Жалал-Абад облусундагы иш сапарымдан улам кечеңдетип койдум, ал үчүн кечирим сурайм.
Кичинекей мекендештерибиздин көркөмдүү сүрөттөрү мага да келип жетти! Фантазияларына баа бердим! Мага Мандалиева Нулифар аттуу кыздын тарткан сүрөтү келди, ал “Токойдогу жымжырттык” деп аталат. Бул сүрөттү үйүмдөгү дубалга илип коём. Нулифарга белек катары планшет жиберем. Мен бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине, өкмөт өкүлдөрүнө жана чиновниктерге кайрылат элем, ушул демилгени колдоп, активдүү катышып берүүңөрдү суранам.
Артём Эдуардовичтин кыргыз тилинде баштап, аяктаган ВИДЕОкайрылуусун бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүңүздөр!
«Мага Ош облусундагы атайын жалпы билим берүүчү дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынан Жунусакунов Иманбектин (13 жаш) сүрөтү келди. Өзүмдүн атымдан Иманбекке #планшетти берип жатам» деген Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 25-декабрда эстафетаны Артём Новиковго узаткан. Өкмөт башчы эстафетаны башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, Өкмөт мүчөлөрүнө узатып жатып, балакайларга кубаныч тартуулаган бул Чэлленжге активдүү катышып берүүсүн суранды.
Эске сала кетсек “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору өлкө боюнча жетим балдар интернаттары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында “Жаңы жыл – жаңы үмүттөр” аталыштагы долбоорду баштап, сүрөт сынагын уюштурган. Анын жүрүшүндө тандалып алынган мыкты сүрөттөр мамлекет башындагы жетекчилерге, мамлекеттик мекемелер жетекчилерине, Өкмөт мүчөлөрүнө, Жогорку Кеңеш депутаттарына жана чет өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасындагы Толук ыйгарымдуу элчилерине, өкүлчүлүктөрүнө Жаңы жылдык куттуктоо белеги катары жөнөтүлүүдө…
 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.