УКМК: «Кыргызстанда «террордук актыларды жасоону көздөгөн» чет өлкөлүктөр кармалды»

УКМК: «Кыргызстанда «террордук актыларды жасоону көздөгөн» чет өлкөлүктөр кармалды»

Жалал-Абад шаарында КМШ өлкөлөрүнүн биринин эки жараны кармалып, Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайында киргизилди. Азыр аларга көмөктөшкөн адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын маалыматына караганда, чет өлкөлүктөр абакта өзгөчө оор кылмыш жасагандан кийин качып кетип, Кыргызстандын аймагында жашырынып жүрүшкөн. Алар Кыргызстанга мыйзамсыз келип, террордук актыларды жасоону жана жасалма документтер менен Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кетүүнү көздөшкөн.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2018-жылдан бери Сириянын согуш жүрүп жаткан аймактарына 850 кыргызстандык чыгып кетип, алардын 150сү каза болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.