ВИДЕО — Өмүрбек Суваналиев Ташиев, Сегизбаев, Бабанов, Атамбаев, Драган тууралуу…

ВИДЕО — Өмүрбек Суваналиев Ташиев, Сегизбаев, Бабанов, Атамбаев, Драган тууралуу…

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары генерал Өмүрбек Суваналиевден журналист Шайыр Эркин уулу интервью алыптыр. Анда генерал алдыдагы президенттик шайлоо, Ташиев, Сегизбаев, Бабанов, Атамбаев, Драган тууралуу айтып бериптир. «Драгандын айткандары ишенбегиле!» дептир.

Саясатчыларды чочуткудай Драган эмнелерди айтты эле?

Белгилүү орусиялык астролог Светлана Драган жакында эле «Говори ТВнын» түз эфиринде Кыргызстанда жазында революция болоору тууралуу божомолун айтып берген. Анын айтымында, Кыргызстанда январь, февраль айларында, саясатчылардын пикир келишпестигинен улам, шайлоодон кийин бир нече жолу майда митингдер болот. Тагырагы, майда митингдердин аягы чоӊ бир жаӊжалга айланып, жазында революция болоорун божомолдоп айтып берген. Астрологдун төлгөсүнө ишенип, өздөрүн жоготуп койгон талапкерлерди баса белгилеген генерал Суваналиев «Драгандын сөзүнө ишенбегиле!» деп атат.

«Говори ТВнын» Светлана Драган менен болгон түз эфири төмөндө:

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталды жана добуш берүүгө 24 саат калганда — 9-январда токтойт. Бул күнү Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.