Элмара ТУРСУНАЛИЕВА: «Султан Каримовдун өмүрүн сактап калуу керек, жардам бергиле, саясатчылар!»

Элмара ТУРСУНАЛИЕВА: «Султан Каримовдун өмүрүн сактап калуу керек, жардам бергиле, саясатчылар!»

«Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы», «Кыргызстан», «Ата Мекен» жана башка ырлары менен белгилүү болгон 61 жаштагы Кыргыз эл артисти Султан Каримов жардамга муктаж. Бул тууралуу белгилүү алып баруучу Элмара Турсуналиева бүгүн, 29-декабрда, «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Ал төмөндөгүдөй пост калтырды:

Эх, Султан Каримов! Авазы, табити кандай сонун ырчы! Ал аткарган патриоттук ырларды ким кана тепкилеп колдонгон жок. Саясий партиялардын дээрлик бардыгы Султан Каримов аткарган «Ант» , «Мекеним» ж.б. көп ырларды уруксаты жок, 1 сом акы төлөбөй иштетип кадыр күтүштү. Кыргызстандагы бардык шайлоолор (президенттик, парламенттик, жергиликтүү кеӊеш) Султан Каримовдун ырлары жок өтчү эмес. Ал боюнча канча талкуу жасадык эле. 30 жылдан бери келе жаткан бардык депутаттар, «Ата-Мекен» баш болгон бүт партиялар, сахнада туруп, шайлоодо күпүлдөп сүйлөп жатканда Султан Каримов аткарган ыр менен элди чогултуп, таратпай кармап келдиӊер! Биздин сүйүктүү ырчыбыздын өмүрүн сактап калуу керек! «Келме кезек» дегендей, кезек эми силерде, жардам бергиле!

Ассол МОЛДОКМАТОВА: «Султан Каримовго Түркияда тезинен операция жасатуу керек!»

Коомдук ишмер, журналист Ассол Молдокматова кечээ, 28-декабрда, «Фейсбуктагы» баракчасына ырчынын арыктап төшөктө жаткан абалын айтып, сүрөтүн жарыялап, диагнозун жазып чыккан.

Анын айтымында, дарыгерлер Султан Каримовго 2015-жылы эле кант диабети, панкреатит, пиелонефрит, полиартрит, артроз диагнозун койгон. Быйыл июнда ырчынын оорусу оорлошуп, саламаттыгы күндөн-күнгө начарлап кеткен. Ал учурда инсулинден көз каранды. Асма уколдун кээ биринин бир амплуасы эле 500 сом.

Султан Каримовго Түркияда тезинен операция жасатуу керек! Ал жакта дарыланууга 30 миң доллар керек. Андай каражат ырчыда жок.

Кыргыз эл артисти Султан Каримовдун ЭлСОМунун номуру: 0507 420542.

Жардам кылыӊыздар, кыргыз элим!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.