Камил МАМАДАЛИЕВ, манасчы: «Эзелтен калган мурасым, Эртеңки муун уласын»

Камил МАМАДАЛИЕВ, манасчы: «Эзелтен калган мурасым, Эртеңки муун уласын»

Бүгүн, 29-декабрда, манасчы Камил Мамадалиевдин «Эзелтен калган мурасым, Эртеңки муун уласын» аттуу чыгармачылыгынын 30 жылдык мааракеси Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында өтөт. Маараке саат 17:00до башталат.

Күнболоттун Какеси…

Манасчы Камил Мамадалиев менен бир айылда, бир көчөдө чоңоюп, бир мектепте окуган журналист Күнболот Момоконов 
манасчылык өнөрдү ошол бала күнүнөн, мектеп жашынан аркалап келаткан Каке досунун кичинекей кезиндеги чыгармачылыгын мындай деп эсине түшүрдү:
— Эсимде, мектепте өткөн иш-чаралардын биринде Какемдин манасчылык өнөрүнө ортоктош болдук. Кичинекей Какем, акырын келип кийиз үстүнө отурду. Манасын акырын баштап, улам албууттанып айтып жатты. Күчөп баратат. Бир кезде көзүнөн жаш куюлуп, «Манас» ааламына сүңгүп кирди. Отургандар делдейип калдык. Көпкө айтты. Агайлар артынан келип «болду» дегендей түрткүлөп жатышты. Какемдин токтоор түрү жок. Жаш куюла, жан-жагына карабай жалындап бараткан жаш баланын бул талантына таңыркадык, эжейлер көздөрүнө жаш алышты…
Какемди агайлардын бири колтугунан коомай көтөрүп, сыртка алып чыгып кетишти…
Манасчылык өнөр — бул улуу касиеттен. Башка өнөрдү өбөктөп, жаратып багып кетсе болот. Манасчылыкты анте албайбыз. Айтса айтаарбыз, көп жылдап аздектеп, анын улуулугун көтөрүп жүрүү кыйын.
Касиеттен деп калбадыкпы. Камил Мамадалиевдин чоң атасы Мамадаалы ата Таластын башы-аягына таанымал чоң санжырачы болгон экен. Биз деле ал кишини бала кезде көрүп, ал турсун учурашып калдык. Бала экенбиз, баркын деле билбепбиз. Ал турсун айылдагылар деле ушул кезге чейин: «Мамадаалы чоң атадай санжыра билген киши жок эле, тирүүсүндө барктабай, айтканын кулагыбыздан кетирипбиз» деп көп айткандарды угам.
Какем, мына ошол эл оозундагы арман күү болуп айтылып калган санжырачы, тарыхчы Мамадаалы чоң атанын небереси.
Каке, улуу өнөрдүн жолунда жүргөнүңө 30 жыл толуптур. Бул аралык жылдарда, кыргыз элине руханий жактан эбегейсиз эмгек өтөгөнүңө эч кимибиздин шегибиз жок. Себеби, сен ошондой өнөр сересинин туу чокусунда жүрдүң, Манасың менен!
Сага рахмат. Сыймыктанабыз. Барыңа кубанабыз. Чыгармачылык кечеңе ийгиликтерди каалайбыз. Манастын касиетин, улуулугун түшүнгөн баардык замандаштарыбызды бул кечеге чакырабыз!
“Хан Бүргөнүн” сыймыгы..
Камил Мамадалиев (Сагынбек уулу) — 1981-жылдын 15-сентябрында Талас облусунун Талас районуна караштуу Хан Бүргө айылында туулган. Ал манасчылыкка жаштайынан дитин коюп, ынтаасын берип чоңойгон. 1994-жылы “Жаш таланттар” Эл аралык кароо-сынагына катышып, 2-орунга, 1995-жылы ошол эле сынакта кайра экинчи орунга, 1996-1997-жылдары ушул эле сынактарда 1-орундарга татыктуу болгон. 1999-жылы өткөн “Манасчылардын эл аралык сынагында” жаш балдар арасында 3-орунду ээлеген. 2002-жылы Ш. Шеркулов менен М.Баетовдордун 100 жылдыгына арналган “Талас таңшыйт” аттуу республикалык телефестивалда баш байгеге, 2004-жылы “Эл ичи — өнөр кенчи” республикалык кароо-сынакта манасчылык өнөр боюнча 2-орунга, күмүш байгеге ээ болгон. 2007-жылы Ат-Башы жергесинде өткөн “Кошой коргон” республикалык телесынагында 3-орунду жеңип алган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.