Клара СООРОНКУЛОВА: «Судьялар Атаназаров, Жоомартов, Жаңыл Мамбеталы жазасыз калбашы керек!»

Клара СООРОНКУЛОВА: «Судьялар Атаназаров, Жоомартов, Жаңыл Мамбеталы жазасыз калбашы керек!»

Бүгүн, 29-декабрда, президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев маалымат жыйынын өткөрүп, эгер шайлоонун экинчи туру боло турган болсо, анда арасынан бир талапкерди колдоп чыкмай болушканын билдиришти. 

Алардын айтымында, меморандум кабыл алышкан, ал документке башка да талапкерлер кол коё алышат. Меморандумда айрым саясатчылар криминалдын жардамы менен бийликти абсолюттук монополияга алгысы келип жатканы, мыйзамсыздык Кыргызстанды башкарууда башаламандыкка алып келгени, үгүт өнөктүгү административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуу, шайлоочуларды алдоо, коркутуу менен коштолуп жатканы жазылган. Бириккен талапкерлер мындай кадамга өлкөдө мамлекеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо ниетинде барып жатышат.

Талапкерлердин арасындагы жалгыз айым Клара Сооронкулова буларды айтып берди:

— Мен түшүнүктүү болуш үчүн окуяны башынан айтып кетейин. 2013-жылы 29-мартта Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду, Камчыбек Ташиевди 295-беренеси («Бийликти басып алууга аракет кылуу») боюнча бир жарым жылга кескен. 2013-жылдын 17-июнунда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы (төрагасы Зулушев) үчөөнү актаган. Ошол эле жылдын август айында Жогорку соттун коллегиясы  Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Бир жарым жылдык жаза мөөнөтү аткарылган, ошо менен бул иш бүткөн. Бирок, «2015-жылы Талант Мамытов кандайча депутат болду?» деген суроо туулат. Жазык кодексинде: «Оор кылмыш боюнча соттолсо, соттуулугу 10 жылдан кем эмес мөөнөттөн кийин жоюлат» деп жазылып турат. А БШК болсо «соттуулугу жоюлуптур» деген маалымат берген.

16-октябрда Жогорку сот соттук коллегиясы (Судья-докладчы Жоомартов, Жаңыл Мамбеталы жана Атаназаров) бул ишке кайрадан кайтып келген. Бирок, кандай негизде кайрадан каралганы белгисиз. Анткени, Жогорку соттун өкүмү акыркы жана даттанууга жатпайт. Алар ишти кайрадан көтөрөт дагы, Жогорку соттун 2013-жылдагы август айындагы чечими болбогондой эле, ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырат. Эми бул нерсе бир дагы укуктук системада болбосо керек. Жалпы мамлекет үчүн коркунучтуу көрүнүш болуп жатат. Мамлекетти жетектеп турган адамдар, болгондо да УКМКны жетектеп тургандар күчкө салдыбы же башка ыкма колдондубу билбейм, бирок соттордун ушунчалык мыйзамсыздыгын көрө элек болчумун. Бул мамлекеттин беделине чоң зыян келтирет. Атаназаров, Жоомартов, Жаңыл Мамбеталы чыгарган өкүм боюнча тартип комиссиясына кайрылабыз. Мындай судьялар жазасыз калбашы керек.

Мындан тышкары, Клара айым экинчи иш — Саруу айылында «барымтага алуу» боюнча  да айтып, Жогорку соттун чечими 2020-жылдын 6-октябрында чыкканын белгилеп:

— Жогорку соттун соттук коллегиясы (Ишалиев, Токтомамбетов, Бакирова) Садыр Жапаровдун иши боюнча жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ишти кайра тергөөгө жиберип жатат. Бул иш кандай аяктаганын билбейбиз. Анткени бардыгы жабык. Мыйзамсыз соттолгон киши мыйзамдуу акталышы керек болчу. Ачык соттук отурум өткөрүп, “далилдер жок, жалган көрсөтмө беришкен” деп айтыш керек болчу, муну эл көрүш керек эле. Президент болом деген адам мыйзамдуу түрдө акталганын бүт дүйнө жүзү көрүш керек эле. Жаңы жагдай катары эки күбө жалган көрсөтмө берген деп айтылып жатат. “Ошону териштиргиле” деп кайрадан ишти тергөөгө берип жатат.  Бирок, мыйзамда жаңы жагдайлар, эгерде жалган көрсөтмө жөнүндө сөз болуп жатса, анда бул соттун чечими менен тастыкталышы керектиги жазылган. Ал күбөлөр жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылыш керек. Ошондо бул жаңы ачылган жагдай болот. Жаңы ачылган жагдай боюнча тергөө иштери жүрүп, сот отуруму болуп, ошол жерде “жаңы ачылган жагдай бар экен, күнөөсү жок экен” деп тастыкталышы керек болчу. 2017-жылдагы массалык башаламандык боюнча дагы бир иш бар, бирок, ал иш боюнча кандай чечим чыкканын билбей турабыз. Кандайча жана эмне болгонун билбейбиз, соттун чечимдерин таба алган жокпуз, — деди.

Белгилей кетсек, быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразылыктан улам бийлик алмашкан. Абактан бир топ саясатчылар бошотулуп, арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач премьер-министр, андан кийин президенттик милдетти аткарып калган. Президенттик шайлоого катышып жаткандыктан ал кызматтарды убактылуу токтоткон. Ал эми жети жыл мурдагы окуялар боюнча президенттикке талапкер Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытовду Жогорку сот 16-октябрда  актаган болчу…

Эске сала кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт, ага 18 талапкер ат салышууда. Шайлоо менен катар ушул күнү мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.