Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: «Жетим-Тоонун» тагдыры «Кумтөрдүкүн» кайталап калышын каалабайбыз!»

Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: «Жетим-Тоонун» тагдыры «Кумтөрдүкүн» кайталап калышын каалабайбыз!»
«Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов президентикке талапкер Садыр Жапаровго суроолорун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жиберип, «Жетим-Тоо» темир кени тууралуу ачык талкуулоого, дебатка чакырды. Ал бүгүн, 29-декабрда, баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Шайлоолор бүткөнчө унчукпайлы дедик, ар бир барган жериңизде токтобостон «Жетим-Тоо» темир кенин «иштетебиз» деп айтып келесиз.
Төмөндөгү суроолорго жооп бериңизчи:
1. «Жетим-Тоо» темир кенин иштетүү боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымдамасы, анализи, эсеби, иликтөөсү жана аныктамасы жок кантип ишке киргизем деп айтып жатасыз? Же геологдор айткандай «бирөө шыбырап койду беле?»
2. Жергиликтүү тургундардын (ал жерде 9 айыл бар) пикирин угуп көрдүңүзбү? Уксаңыз, алар кандай кабыл алууда? Же бул нерсени дагы «эл каалап жатат», деп айтасызбы?
3. «Жетим-Тоодо» канча тонна темирдин кору бар?
4. Кытайдын карызын кутулуу үчүн «Жетим-Тоону» ачуу канчалык зарыл же кытайлык өнөктөштөр менен эл билбеген сүйлөшүү болгонбу?
5. 2009-жылы «Жетим-Тоо» кытайлык ишкерлерге 300 сомго сатылганда сиз бийликте элеңиз, эмне себептен унчуккан эмессиз?
6. «Жетим-Тоону» өзүбүз иштетебиз, буга чейин тоо кен тармагында иштеп келген компанияларды текшерип, мамлекеттин үлүшүн кайтарабыз деп айтып келесиз. Анда, «Жер-үйдүн», «Кумтөрдүн» келишимдерин жокко чыгарып, жаңы түзөбүзбү же алар ишин улантабы?
7. «Кумтөрдө» алтын жок деп 11-октябрда парламенттин жыйынында айттыңыз. Бүгүн «Кумтөрдө» канча алтын калды жана калганы эл кызыкчылыгына кайтарылабы же сиз айткандай алтын жокпу?
«Жетим-Тоого» түбүнөн кимдер кызыктар экенин жакшы билебиз, алар кытай ишкерлери.
Эгерде биз билбеген нерселер болсо, сизди, Темир Сариевди, сүрөөнчү болгон Ишимбай Чунуевди бирге ачык талкууга чакырам. Менимче, ММК өкүлдөрү аянтча дайындап берер. Дебаттан ачыктайлы…
«Жетим-Тоонун» тагдыры «Кумтөрдүкүн» кайталап калышын каалабайбыз!
Урматым менен,
Жеңиш Молдокматов

Садыр ЖАПАРОВ: «Жетим-Тоо» Кытайга берилди, жерди алып коет» деген калп»

Коомчулуктабы, саясий чөйрөдөбү, бардык жерде эле: «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт Кытайга берет» деген кеп айтылып келатат. Мындай кепти өткөн жумада президенттик аппарат четке кагып, маалыматты төгүндөп, темир кени мамлекеттин менчигинде турганын билдирген.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурдагы басма сөз жыйындарынын биринде «Жетим-Тоо» кени чет мамлекеттерге берилбей турганын, аны Кыргызстан өзү иштетерин айткан. Азыр да барган жеринде айтып келатат. Мына, мурдагы күнү, 27-декабрда, Нарын облусуна барганда, жолугушууга келген эл «Жетим-Тоонун» тагдыры тууралуу суроо узатыштан. Ал суроого Жапаров: «Жетим-Тоо» темир запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендердин ичинен 2-орунда турат. 500 жылга жете турган запасы бар. «Жетим-Тоо» 100 пайыз өзүбүздө, мамлекеттин менчигинде турат, андыктан бир дагы чет элдик компаниянын кенди чалгындоого жана иштетүүгө укугу жок. 100 пайыз колубузда тургандан кийин, бир дагы чет өлкөлүк жаранды аралаштырбашыбыз керек. Башчысынан шоопур, пол жуугучуна чейин өзүбүздүн жарандар иштейт.

«Жетим-Тоо темир кени Кытай компаниясына берилди, алар карызыбыз үчүн жерибизди алып коёт экен» деген калп, жалган маалымат» деп жооп берген.

Кытайга карызыбыз канча?

Финансы министрлигинин 2020-жылдын 31-августуна карата берген маалыматына караганда, Кыргызстандын жалпы карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн. Анын 646 млн. доллары ички карыз, 4,180 млрд. доллар — тышкы карыз. Эӊ көп карызыбыз Кытайга таандык. Тагырагы, 1,778 млрд. доллар — Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан (Эксимбанк) алынган насыя үчүн төлөнчү карыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: «Жетим-Тоонун» тагдыры «Кумтөрдүкүн» кайталап калышын каалабайбыз!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.