Аида САЛЯНОВА: «2021-жыл элибиз үчүн акжолтой жыл болсун!»

Аида САЛЯНОВА: «2021-жыл элибиз үчүн акжолтой жыл болсун!»
Мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянова кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады.
Ардактуу мекендештер!
Жаңы 2021-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Эски жыл оор болду. Жылаңач колубуз менен чоң илдет менен күрөшүп баатыр эл экенибизди дагы бир жолу далилдедик.
Жаманчылыкты аманчылык гана жеңет.
Жаңы жылда бекем ден-соолук, жаратман күч, жаңы тилектердин орундалышын каалайм.
Көөдөнүбүздө шүгүрчүлүк, жүрөгүбүздө ариет, намыс болсун!
Кыйын кырдаалдан чыгууга Кудайым элиме кубат берсин! Сыноо менен кошо жеңүүчү күч берсин!
2021-жыл элибиз үчүн ак жолтой жыл болсун!
Жаңы жылыңыздар менен!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.