Эрнис АСЕК уулу: “Тирүүчүлүктүн өзү чоӊ майрам”. (Акыркы маек)

Эрнис АСЕК уулу: “Тирүүчүлүктүн өзү чоӊ майрам”. (Акыркы маек)

Эсен болуп, эстей жүр!

Ошентип Уй жылы босогодо турат. Былтыр Чычкан жылын тоскондо, мен да эл катары даярданып, бактылуу элем. Себеби, Эрнисим жанымда эле… Бирок, байым даталуу күндү баса белгилегенди жактырчу эмес. Ошентсе да, даярдалган ак дасторкондун четине келип отурчу. Ошондо байыма көрсөтпөй диктофонду күйгүзүп коюп, суроо узаттым эле. Андагы үнү, сөзү акыркы болуп калаарын билсемчи… Бир жыл мурунку (31-декабрдан 1-январга караган түнүндөгү) баарлашууну эстеп, диктофонду кайра-кайра артка түрүп, жанымдын коӊур үнүн, таамай сөздөрүн угуп, элеси көз алдыма тартылып, Уй жылын байымсыз тосуп атканыма ичим ачышып турган кезим…

— Эрнис, ошентип жаңы жыл да келди. Мен жаӊы жылды күткөн калктын катарына кирсем, сен күтпөгөндөргө киресиӊ. Себебин билсем болобу?

— (Күлүп) 7 жыл чогуу жашап жүрүп менин мүнөзүмдү жадыбал жаттагандай жаттап деле бүттүӊ да, ошентсе да суроо берип жанымда жылмайып отурасыӊ. Ушуга шүгүр. Эми жалжалыма (чанда гана ушинтип эркелетчү) кантип жооп бербейин. Буга чейин деле сага айтып келгем, ошону дагы кайталайын, адам бир датага байланып, бир эле күн майрамдабашы керек. Билген кишиге ар бир күн, саат, мүнөт чоӊ майрам. Анткени биз тирүү жанбыз. Тирүүчүлүктүн өзү майрам.

Жаңы жылды күтпөйм деле, үмүт дагы артпайм. Жылдарга, айларга, күндөргө деле бөлбөйм. Бир чулу узу-ун өмүр бардай, узак бир күн сыяктуу. “Өмүр –кыска” дейбиз. Жок, кыскарткан өзүбүз гана. Өмүр мага – Аккан суу. Агымы менен кете берем. Ошол аккан суудан издегенимди таап алгам. Эми жээкке чыга берсе да болот.

Быйыл Чычкан жылы. Жаныбарларга карата жылды чечмелешет го… А сен кандай чечмелейт элең?

— Ыраматылык чоң апам: “Чычкан жылын мээнет кыла турган жыл” деп койчу. “Мээнет кылсаң, дөөлөтүң токтойт” дечү. “Майда-барат иштериң көп болот. Көбүнчө эл ишине караганда, үй ишиң алдыга чыгат. Кыйынчылыктар көп болот” деп калар эле. Анынсыңарындай, быйыл кыйынчылык көп болот. Жеке экөөбүздүн үйдө эмес, өлкөбүздө, Кыргызстан үчүн оор жыл болот.

Чынында жыл сүрүүнү көп биле бербейм. Бирок көчмөндөрдүн билгени болгон. Жыл сүрүү – көчмөндөрдө жаралган. Ошондуктан жан-жаныбарлардан турат. Кытайлар дал ушул көчмөндөрдөн алган, анан дүйнөгө жайылып олтурбайбы. Бул жыл сүрүүнүн түбү тереңде да, бийикте. Космос менен байланышат. Жер кыртышына жалгашат. Көчмөндөр табийгат менен эриш-аркак жашагандыктан, түз эле космос менен байланышып турган. Жылдыздарды жакшы билишкен, ошондуктан балкитеп (гороскоп) жаралган. Айлардын аталышы да дал ошол табийгатка байланыштуу. Бул кылымдар бою байкоо жүргүзүлүп калыптанган нерселер. Илон Маск деген миллиардер боз үй түрүндө уча турган аба кемесин куруп жатпайбы. Боз үйдүн түзүлүшү – ал үчүн төгөрөгү төп келген аппарат болот. Менимче көчмөндөр боз үйдү дал ошол учуучу аппараттын түспөлүндө жасаганбы дейм. Залкар режиссерубуз Төлөмүш Океевдин эң начар жалгыз тасмасы бар – “Миражи любви” деген. Анда белгилүү актер Имаш Эшимбеков менен актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова аткарат го. Өтө начар фильм. Бирок аягында боз үйдүн учуп кеткени сонун. Кудум космостук аппараттай.

— Кайсы жаныбардын жылында төрөлсө, адамдын мүнөзү ошондой болуп калат дешет го. Өзүң ит жылысың, «иттей» мүнөзүң барбы?

— (Күлүп) Ит кандай ит болсо, биз да ошондой «итпиз», эй. Башка не дейин?..

— Азыр калктын көпчүлүгү Интернет менен жашап калды, улуулары ар нерсени жазып социалдык тармакта отурса, кичүүлөрү сотка чукулап калышты. Бул элдин деңгээлин өстүрөбү же өлтүрөбү?

— Деңгээли өсөт?.. Ушул жөнүндө өткөндө “Ютубдан” Асылбек Өзүбековдун айтканын угуп-көрүп калдым. Сонун айтыптыр. Чыӊгыз Айтматовдун романында кишини маңкурт кылыш үчүн башына тери кийгизет го. Ал башын кысып, мээсин кысып, эс-акылын алып коет эмеспи. “Сотко деген дал ошондой маңкурт кылчу нерсе экен” деп Асылбек Өзүбеков бутага тийгизе айтты. Ошондой эле. Пайдалуу нерселерди чукулушса да жакшы болмок, бирок андай эмес да. Мен кээде тигил же бул нерселерге канча киши киргенин карайм да. Миллиондоп жеңил-желпи нерселерге гана киришет. Дал ошол маңкурт кыла турган нерселерге. Пайдалуусуна же бир нерсе бере турганына чектелген гана киши кирет экен.

Убакыттын көбү интернет менен байланыштуу болуп калды. Бирок социалдык тармактарда олтурбайм. Мен көбүнчө илимий, диний, тарыхый, документалдуу материалдар менен видеолорду карайм. Көркөм чыгармаларды да китептен эмес, интернеттен таап, окуп калдым.

Назира СААЛИЕВА

2020-жыл, 1-январь.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.