Күзөт кызматы балдар үйүнө жаңы жылдык белектерин тапшырды

Күзөт кызматы балдар үйүнө жаңы жылдык белектерин тапшырды
Күзөт кызматы балдар үйүнө жаңы жылдык белектерин тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы бүгүн, 31-декабрда, билдирди.
Алардын айтымында, жаңы жылдык иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Талантбек Акматов жана анын орун басары милициянын полковниги Эрк Тажиев катышып, Бишкек шаарынын Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунунда тарбияланып жаткан наристелерди жаңы жыл майрамы менен куттуктап, өз белектерин тартуулашты.
Алар барган борбордун жетекчисинин орун басары Гүлжан Ашимова терең ыраазычылыгын айтып, балдар үйүндө төрөлгөндөн 4 жашка чейинки тарбиялануучу наристелердин жашоо-шарттары менен тааныштырып, керектүү, зарыл кем-карчтары толукталгандыгын билдирген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.